Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

БИШКЕК-ТОРУГАРТ ЖОЛ КАТТАМЫНА КАР КӨЧКҮ ТҮШТҮ


Жаркын Ибраева Долон ашуусундагы чоң кар көчкүдөн улам Бишкек–Торугарт жолу толугу менен жабылды.

Бишкек–Торугарт жол каттамында быйыл апрель айында үч кар көчкү түштү. Жолдун 292-чакырымында түшкөн үчүнчү кар көчкүнүн узунду 500 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 50 метр болуп, жалпы көлөмү 1 млн. 250 миң куб метрди түздү. Мындай чоң кар көчкү Нарын жергесинде акыркы жолу 1987-жылы түшкөн. Өлкөнүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук жарандык коргонуу штабы бул 23-апрелде түшкөн көчкүнүн болоорун алдын-ала болжолдошкон. Бул жөнүндө Нарын облустук жарандык коргонуу штабынын башчысы, подполковник Кыдыргычев мындай деди:

- Көчкүнүн түшөөрүн биздин оперативдүү топтун мүчөлөрү барып аныктап, «коктудан көчкү түшүшү мүмкүн» деп жыйынтык чыгарып келишкен. Ошонун негизинде Экология жана чукул кырдаалдар министрлигине кайрылып, көчкү боюнча адистерди чакыртканбыз. Өзүңүздөр билесиздер, премьер-министр келип кетти. Николай Тимофеевич айткан, «апрелдин 25инде буйрук чыгарып берем, ошонун негизинде аттырасыңар» деп. Ага жетпей эле 23-апрелде көчкү өзү түштү.

Бишкек–Торугарт жол каттамында көчкү тазаланып бүтмөйүнчө, күтүүсүз кырсык болуп кетпеш үчүн келерки дүйшөмбү күнгө чейин бул каттамдагы жол жабылды.

- Азыр жол катнашы жок. Бирок дем алыш күнү кечкисин ачып калабыз деген ой болуп атат. Азыр 10 техника иштөөдө. Андан тышкары, автоунаа кызматынан 20дан ашык адам, Чүй облусунан болсо жардамга дагы 2 техника келатат, - деди Нарын облустук жарандык коргоо штабынын башчысы.

Жол каттамынын жабылышы ушул жол аркылуу нан таап, үй-бүлөсүн багып аткандар үчүн бир топ эле оордук келтирип атат.

- Эң негизги жумушубуз ушул. Ушуну менен нан таап, үй-бүлөбүздү багып атабыз. Жол жабылганын элге түшүндүрсөң укпайт. «Көчкү жүргөн жерге чейин барабыз» дейт. Суранып, «ошол жерге чейин алып барып кел» дешет, - деди жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын айдоочусу. Бул көчкүнүн түшөөрү алдын-ала белгилүү болсо да, көрүлгөн иш-чаралардын негизгилери унут калган. Мисалы, нарындыктар айрым бир жаңы гезиттерди ала албай калышты.

- Мен «Бишкек-таймс» гезитин Нарын элине таратчу элем. Жолдун жабылып калгандыгына байланыштуу, гезит Нарын элине келбей калды, - дейт гезит таратуучулардын бири. - Тактап айтканда, эртең менен мага телефон чалышты, «таксисттерден салып жибердик» деп. Азыр күтүп атам, кайсы убакта келээрин билбейм. «Заман Кыргызстан» гезитин тараткан кесиптешим да айтты, «гезит келбей атат, жол азырынча жабык» деп. Эртерээк жол тазаланса жакшы болот эле. Себеби, жумалык гезит менен эл таанышпай калды.

Ал эми жарандык коргонуу штабынын башчысы Кыдыргычев Бишкек–Торугарт жол каттамына дагы бир көчкү түшөөрүн эскертти.

- Акыркы бир көчкү калды, 287-чакырымда. Анын көлөмү мындан аз. Мурунку түшкөн көчкү бир беттен түшкөн, экинчи бети калып калган. Ошол эле көчкүнүн үстүнө түшөт, - деди ал.

«Сактансаң сактайм» демекчи, табияттын айттырбай келчү кырсыгынан сак болуңуздар.

XS
SM
MD
LG