Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ АСКЕРЛЕРИ ИРАКТА ДАГЫ ЭКИ ЖЫЛГА КАЛАТ


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги акыркы мезгилде Иран өкмөтүн сынга алып, аны кошуна Ирактын ички иштерине кийлигишип жатат деп күнөөлөөдө. Президент Жорж Буш болсо 25-апрелде сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, кеңири кыргын салуучу курал Иракта баары бир табылат деп билдирди. Бирок андай курал табыла элек жана кээ бир америкалык эксперттер АКШ жетекчилигин ал тууралуу сынга да ала баштады.

АКШ менен Улуу Британия Иракка каршы согушту анын кеңири кыруучу куралын таап, жок кылуу максатында баштаган, анткени андай курал менен Багдад бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч жараткан. 25-апрел күнү кечинде АКШнын "Эн-Би-Си" сыналгысы аркылуу берилген Буштун интервьюсунда ушул маселеге да бир топ көңүл бурулду жана президент кеңири кыруучу курал Иракта табылаарына өз ишеничин билдирди. Анткен менен, Буштун айтымында, андай курал кайсы бир жерде терең катылып салынышы да мүмкүн же согуш башталаардын алдында массалык кыргын куралдары жок кылып салынган болушу да ыктымал.

Бирок мурда Бириккен Улуттардын инспекторлорунун арасында жети жыл иштеген америкалык эксперт Скотт Риттер жакында Вашингтон шаарындагы конференцияда чыгып сүйлөп, Иракта кеңири кыруучу курал такыр жок болуп чыгышы да мүмкүн деп айтты. 1995-жылы Риттер инспектор болуп жүргөндө, Ирактын кеңири куруучу курал чыгаруу программасын жетектеген генерал Хусейн Камал кошуна Йорданияга качкан жана ал жерде инспекторлор тарабынан суракка алынган. Генерал Камалдын айтымында, Ирактын андай куралы ошол кезде эле жок кылынган жана ал ишти Камал өзү жетектеген. Кийин генерал кайрадан Иракка кайтып барганда өлтүрүлгөн.

Скотт Риттердин айтымында, ошондуктан, Бириккен Улуттардын биринчи текшерүүчүлөрү эле Ирактын кеңири кыргын салуучу куралдарын жок кылууга жетишкен. Азыр эми америкалык аскерлер Иракта андай куралдын изин таппаса, Риттердин пикиринде, ал Вашингтондун аброюна чоң доо кетирет жана АКШ Ирак согушунда жеңилгенге барабар болот. Ошол эле конференцияда чыгып сүйлөгөн "Торонто сан" гезитинин редактору Эрик Марголистин айтымында, Иракта "ал-Кайида" же башка террордук уюмдардын да орчундуу изи табылган жок, ошондуктан АКШнын Иракка койгон дагы бир доосу далилсиз болуп чыгууда.

Бириккен Улуттардын инспекторлору Иракта тыюу салынган куралды издөө иштерине даяр экенин билдирүүдө, бирок АКШ ага уруксат бербей жатат. 25-апрелде обого чыккан интервьюсунда президент Буш текшерүүчүлөр тууралуу суроого түз жооп бербей, андан качып кутулду. Бирок президент Ирактын кошуналары Иран жана Сирияга биз эч кандай аскерий аракет көрүүгө даярданган жокпуз деп билдирди.

Анткен менен, Сирияны мурда катуу сындап келген АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд азыр каарын Иранга багыттай баштады. Анын айтымында, Ирактагы баш-аламандыктан пайдаланып, кошуна Иран өз кишилерин жиберип, Ирак элине жаман таасир тийгизүүдө:

- Ирандын өкмөтү элди кубаттап, аларды Иракка барууга кызыктырууда жана Тегерандын кишилери чындап эле Иракка келип, анын элине таасир кылууга аракеттенип жатат.

Ирак элинин 60 пайызы жана кошуна Иран калкынын көпчүлүгү да шийи мусулмандары экендиги белгилүү. Бирок, Рамсфелддин айтымында, согуштун жыйынтыгынан Ирандын динчилдеринин пайдаланып кетишине АКШ эч качан жол бербейт. Президент Буш дагы өзүнүн интервьюсунда Ирактын жаңы өкмөтү динден оолак боло турганына ишеним билдирди. Анткен менен Ирактык шийилер Багдад жана башка шаарларда митинг өткөрүп, америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда. Буштун айтымында болсо, толук коопсуздук орноп, Ирактын жаңы өкмөтү түзүлмөйүнчө, америкалыктар Иракта кала берет жана алардын калуу мөөнөтү дагы эки жылга созулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG