Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

БАГДАДДА ТЫНЧТЫК ЖОК


Ишемби күнү Багдаддын чет жакасындагы курал жарак кампасында болгон жардыруулар коңшулаш аймакка чоң зыян келтирди. Жардыруулардан Заафарания районунда ондон көп адам набыт болду, бир нече турак үй кыйрады. Кырсык жергиликтүү элдин америкалык аскерлерге кыжырдануусун жаратты. АКШлык аскерлердин билдиришинче, кампаны белгисиз бирөөлөр аткылагандан улам жарылуу болгон.

Жардыруулар болгон ар-Рашид курал жарак кампасы Багдаддын түштүк четиндеги Заафарания районуна чектеш жайгашкан.
Аскерий кампадагы жардыруу маалында, Ройтер агенттигинин маалымдашынча, бир нече ракета атылып, алар райондун кампага туташ жаткан жана көбүн эсе мугалимдер менен билимдүү адамдар жашаган маалеге тийген. Көбүнэсе билимдүү адамдар жашаган бул жайды калк арасында “Мугалимдер маалеси” деп коюшат. Капылет жардыруудан бир күн мурда президент Буш келерки жумада АКШ башындагы күчтөрдүн Ирактагы согуштук операциясы ийгиликтүү болду деп жарыяларын билдирген болчу Ак Үйдүн өкүлдөрү.

Аскерий кампадагы жардыруулар жөнүндөгү маалыматтар өтө эле карама-каршылыктуу.

Жардыруунун себеби жөнүндө Багдаддагы атайын кабарчыбыз Замира Эшанова мындай дейт:

- (Полковник Жон Пибоди) “Кампаны ким аткылады?” деген суроого “бизди сүйбөгөн жана өз элин жек көргөн адамдар” деп гана жооп берди. Ал кампа аткыланды деди. Бирок, жергиликтүү элдин айтканына караганда, америкалык аскерлер кампада күнүгө эле жардырып жатышкан. Ошондуктан, эмне окуя болгону жөнүндө так айтып болбойт.

Полковник Жон Пибоди - АКШ армиясынын 11-инженердик бригадасынын өкүлү. АКШлык күчтөр кампада күнүнө жардыруулар болчу деген кабарды төгүнгө чыгарып, Саддамдын режими курал жарак кампасын элдүү аймакка карасанатайлык менен жайгаштырган дешет.

Маалымат булактарынын “Мугалимдер маалесинин” калкынын сөзүнө таянып кабарлашынча, курал жарак кампасында болгон жардыруулар тушунда бир нече ракета коңшулаш маалеге тийген.

Заафараниядагы оорукананын жетекчилиги жардыруудан кеминде 12 адам өлүп, 40 адам жарадар болгонун билдирген.

АКШлык күчтөрдүн Катардагы командалык борборунун билдиришинче, алты адам набыт болуп, америкалык бир жоокер жараат алган. Тамир Калал деген адамдын айтымында, ал аялы, атасы, агасы жана 11 тууган-уругунан ажыраган.

“Мугалимдер маалесиндеги” кандуу калабага байланыштуу ишемби күнү кечинде Багдадда антиамерикалык маанайдагы демонстрация өттү.

Заафарания районунан чыккан 500дөй адам антиамерикалык, исламчыл ураандарды кыйкырып, Багдаддын ортосундагы аянттардын бирине чогулду. Алар ошондой эле АКШлык күчтөрдүн Иракта калуусуна нараазылык билдиришип, мусулман диниятчыларынын жетеги астында “Жашасын ислам! Жашасын Ирак” деген ураандарды кыйкырышты.

Саддам Хусейндин бийлиги тушунда элдүү аймакка жанаша курулган аскерий кампада болгон жардыруу түрткү болгон кыжырдануулар Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүгө кедерги болору күмөнсүз.

Өзүн өзү лидер жарыялаган адамдар менен мусулман диниятчылары да Иракта демократия орнотуу планына чоң тоскоол болчудай.

Багдадда жана Иранга чектеш Кут шаарларында өздөрүн лидер жарыялаган адамдар жергиликтүү бийликти колго алышкан. Түштүктөгү Нажаф шаарында шиит топтору бийлик биздики деп чыгышууда.

Күртистан демократтык партиясына ыктаган күчтөрдүн Мосул шаарынын жолдорун тосуп, өз бийлигин орнотуу аракетин АКШлык күчтөр араң токтотту.

Бул окуялар жана ишемби күнү ар-Рашид кампасында болгон жардыруулар АКШлык күчтөр Багдадды алганына 18 күн толгону менен, Ирактагы кырдаал дале татаал экенин күбөлөйт.

XS
SM
MD
LG