Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бишкекте жолугушууларды өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин чыгыш департаментинин башчысы Саймон Батт менен вице-премьер Жоомарт Оторбаев жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташуу жана аны өркүндөтүүнүн жолдору тууралуу сөз жүрдү. Саймон Батт менен ушул күнү Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да жолугушту. Анда Саймон Батт Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана Акыйкатчы институтун калыптандырууга кандай көмөк зарыл экендигине кызыкты. Турсунбай Бакир уулунан ушул күнү алынган маалыматка караганда, Акыйкатчы бул багыттагы кызматкерлердин укуктук билимин жана иш тажрыйбасын өркүндөтүш үчүн тажрыйба алмашууну сунуш кылды. Ал мындан тышкары институтту калыптандырыш үчүн донор-мамлекеттерди табууга көмөктөшүүнү өтүндү. Улуу Британиянын өкүлү бул сунуштарды жеринде иликтеп, жардам берүүгө аракет кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG