Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

ООНдун ИРАКТАГЫ ОЗУЙПАСЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Алдыдагы күндөрдө Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде Ирактагы кайра куруу иштерине байланыштуу талкуулар башталат. Кеңештин мүчөлөрү Иракты эл аралык санкциялардан сакыт кылуу маселесин карап, мунайга азык-түлүк айырбаштоо программасынын мындан аркы тагдырын аныктоого тийиш. Бириккен Улуттар Уюмунун согуштан кийинки Иракта аркалай турган озуйпасы жана ролу азырынча айкын боло элек. Жакында Вашингтон администрациясы Багдаддагы жыйындарга эл аралык байкоочуларды жөнөтүүнү өтүнгөн эле, бирок уюмдун баш катчысы Кофи Аннан бул сунушту кабыл алган жок.

Кофи Аннандын Багдаддагы жыйындарга эл аралык байкоочуларды жөнөтүү сунушунан баш тартканын коопсуздук кеңешинин ушул айдагы төрагасы - Мексиканын элчиси Алфансо Агюлар Зинсер ырастады. Муну элчи жүйөөлүү чечим деп түшүндүрдү, эмнеге дегенде Ирактагы кайра курууларда Бириккен Улуттар Уюмуна кандай роль бөлүнөрү алиге чейин белгисиз. Ирактагы иштерге киришерден мурда эл аралык жогорку инстанция ушул маселени тактап алганы абзел, деп айтты мексикалык дипломат. Вашингтондо болсо Аннанды америкалыктардын сунушун кабыл алгандан айнытып койгону үчүн Франция менен Россияны кинелешти. Өткөн аптада коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү арасында атайын резолюциянын долбоорун таркатып, Москва санкциялар режимин бир катар чөйрөлөрдө, айрыкча азык-түлүккө жана дары-дармектерге байланышкан чектөөлөрдү толугу менен алып салууну, ал эми аскерий эмбарголорду Ирактагы массалык кыргын куралдарынын проблемасы толук айкын болгонго чейин сактап турууну сунуш кылган эле. Франция граждандык максаттагы товарларга салынган санкцияларды токтотууну, мунай менен байланышкан гуманитардык программаны абайлап жана акырындап жоюуну жактай тургандыгын ырастады. Эң башкысы – коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Ирактагы кайра курууларда Бириккен Улуттар Уюму негизги ролду ойноого тийиш деген пикирде турушат. Буга өрнөктүү мисал кылып Ооганстандын өткөөл өкмөтүн түзүүдө Бонндо атайын конференция чакырылганын,анын натыйжалары үзүрлүү болгондугун айтышууда. Эгер Ирактагы иштерде мындай озуйпаларды аркалаганга мүмкүндүк берилбесе, анда ООН Кошмо Штаттардын чечимдерин гана аткарып турган “кол бала” болууга тийиш эмес, дешет дипломаттар. Ошол себептен Багдаддагы жыйындарга уюмдун атынан тек гана бир байкоочу болуп катышканга атайын өкүлдөрдү жөнөтүүнү эп көрбөгөн Кофи Аннандын чечимине кеңештин жоон топ мүчөлөрү, алардын ичинде Франция, Кытай жана Россия колдоо билдиришти.

Ирактагы кайра курууларда Бириккен Улуттар Уюму кандай роль ойноого тийиш деген маселени шейшемби күнү Москвага келген британ премьер-министри Тони Блэр орус президенти Владимир Путин менен да талкуулады. Мунун алдында Кремль Ирактан санкцияларды алганга макул экендигин кайрадан бышыктаган эле. Москвадагы сүйлөшүүлөрдү байкоочулар ООНдун коопсуздук кеңешинде ирак кризисинен келип чыккан кескин ажырымды жоюу жолундагы биринчи олуттуу кадам болот деп болжолдоп жатышат. Тони Блэрдин дипломатиялык активдүү аракеттери коопсуздук кеңешиндеги талкууларга да жагымдуу шарапатын тийгизиши ыктымал. Бери эле дегенде британ премьери өзү ушуга үмүт кылууда.

Ал эми Ирактын саясий, диний жана коомдук ишмерлери эмдиги айдын этегинде элдик курултай чакырып, өлкөнүн убактылуу өкмөтүн шайлаганга ниеттенип жатышат. Дүйшөмбү күнү Багдаддагы жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Америкалык утурумдук администрациянын башчысы Жей Гарнер Иракта демократиялык башкаруу системасы түзүлүүгө тийиш, жаңы бийлик структураларына өлкөдөгү бардык саясий, улуттук жана диний топтордун өкүлдөрү кириши керек деп дагы бир жолу Вашингтондун позициясын бышыктады. Ошол эле күнү Мичиган штатында сүйлөгөн сөзүндө президент Буш ирак эли өз лидерлерин жана өз өкмөтүн өздөрү тандап алыша тургандыгын, Америка аларга өзүнүн башкаруу системасын жана маданиятын таңуулаганга таптакыр ниети жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG