Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

ТӨРТИЛТИКТИН ТЫНЧТЫК ПЛАНЫ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА ТЫНЧТЫК АЛЫП КЕЛЕБИ?


Израил-палестин чатагын жөндөөнүн жаңы планы үстүбүздөгү жумада жарыяланат деп күтүлүүдө. Палестина парламентинин автономиянын жаңы өкмөтүн бекиткенден кийин жарыяланчу тынчтык планын Кошмо Штаттары, Евробиримдик, Улуттар Уюму жана Россия төртилтиги чогуу иштеп чыккан.

АКШ, ЕБ, БУУ жана Россия теңорток иштеп чыккан бул план 1993-жылы Израил жана Палестина боштондук уюму Ослодо кол коюшкан келишимден көп жагынан ашып түшөт. Осло келишиминде Палестина мамлекети жана Батыш Иордан менен Газа секторундагы можур жөөттөр мыйзамсыз куруп алган маалелер жөнүндө бир да сөз айтылбаган.

Жаңы план Палестин лидери Ясир Арафат менен автономиянын жаңы премьер-министри Махмуд Аббас ортосунда өкмөт мүчөлөрү боюнча бир нече жумадан бери жүрүп жаткан талаш бир жаңсыл болгондон кийин жарыяланганы кокустук эмес.

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин билдиришинче, Вашингтон Палестинанын жаңы өкмөтүн колдойт.

- Биз жагдайдын азыркы нукта өнүгүүсүн - палестин калкына премьер-министрлүү болууга мүмкүндүк берген Палестина бийлигиндеги өзгөрүүлөрдү жактайбыз. Премьер-министр (Махмуд Аббас) Израил, Кошмо Штаттары, төрттүктүк мүчөлөрү жана региондогу өлкөлөр менен иштөөгө жооптуу өнөк болот алат.

Пауэлл дүйшөмбү күнү Вашингтондо Иорданиянын тышкы иштер министри Маруан ал-Муашер менен кездешкенден кийин ошондой эле израил жана палестин тараптар 55 жылдан берки чатакты токтотуу жана Палестин мамлекетин түзүү мүмкүндүгүн колдон чыгарбайт деген үмүттө экенин билдирди.

Маруан ал-Маушердин айтымында, Иордания да Махмуд Аббас башындагы өкмөттү колдойт.

- Биз Палестинанын жаңы өкмөтүн колдойбуз жана (Жакынкы Чыгыштагы) тынчтык процессин кайра баштоого ыңгайлуу болгон жагдайды түзүү максатында аны менен иштешүү ниетибиз бар.

Батыш булактарынын жазышынча, пландын алгачкы этабында Палестин бийликтери израилдиктерге каршы чабуулдарды тыйышы шарт.
Бирок, “Хамас”, “Ислам Жихади” жана “Ал-Акса шейиттери кошууну” сыяктуу согушчул топтор азыртан эле куралсызданууга каршы.

Израил өкмөтү болсо Батыш Иордан менен Газа секторунда жөөт келгиндерине туракжай курууну токтотушу, ал жерлерде мыйзамсыз орнотулган күзөтжайларды алып салышы шарт. Бул - палестиналыктардын негизги талабы.

Можур жөөттөр жүздөн көп күзөт жайды орноткон. Алардын жетимишке жакыны, “International Herald Tribune” гезитинин жазышынча, премьер-министр Ариел Шарон өкмөт башына келгенден берки эки жылда курулган.
Израил жак Палестин бийликтеринен Батыш Иордан жана Газа секторунда жашаган 200 миңден көп келгин жөөттөрдүн коопсуздугуна кепилдик беришин талап кылмакчы.

Талдоочулардын айтымында, Палестинанын жаңы өкмөтү төртилтик сунуш кылганы жаткан планды кабыл алуусу үчүн президент Буштун администрациясы араб дүйнөсүндө кадырбарктуу Мисир, Иордания жана Сауд Арабиясынын саясый жана экономикалык механизмдерин пайдаланышы шарт.

Аббастын премьер-министр болуп дайындалышы 31 айдан бери токтоп турган Жакынкы Чыгыш тынчтык сүйлөшүүлөрүн алга жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт дешет дипломаттар менен байкоочулар.

Вашингтон институтунун президенти Деннис Росстун айтышынча, Аббас карапайым палестиналыктардын турмушуна бир аз жеңилдиктерди алып келсе эле, аны элдин баары колдоп кетет. Аббастын колдоочулары азыр негизинен байистүү маанайдагы палестиналыктар.

-Ал (Махмуд Аббас) элге жакшы жашоо алып келип, алардын тиричилик жагдайын жеңилдетип, жашоого жаңы дем бериши лаазим. Элдин эркин катттоосуна жана товарлардын эркин соодасына жетишүү зарыл. Мектептер кайра ачылып, жок дегенде кээ бир палестиналыктар Израилде иштөөгө жана өкмөттүк адамдар эки жакка чыгууга мүмкүндүк алышы жөн.

Д. Росс президент Билл Клинтон тушунда Жакынкы Чыгыш боюнча атайын элчи болгон.
Талдоочулардын пикиринче, Деннис Росс айткан иштерди жүзөгө ашыруу жана Аббастын аброюн көтөрүү - Израил өкмөтүнүн эркине да байланыштуу.

XS
SM
MD
LG