Пентагондун жетекчиси Доналд Рамсфелд өзү башында турган аскердик операция максатына жетип, Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан 3 апта өткөн соң, 30-апрель күнү Ирактын Басра шаарына келип түштү. Американын согуштук чалгындоо учагына түшүп барган Рамсфелдди аэропортто АКШнын атайын аскерий бөлүктөрү тосуп алышты. Ушул эле күнү кечке маал ал Багдадга барат. Басрадагы аскерлер менен учурашуу маалында Доналд Рамсфелд коалициянын согуштук кампаниясы ирак элинин эркин келечеги үчүн уюшулганын белгилей кетти:
- Артка кылчайып, аскерий аракеттердин максатына көз чаптырсак, биз үчүн Иракта акыл менен күчкө толуп турган канчалаган адам эркиндикке жеткени баарыдан маанилүү деп ойлойм. Алардын келечеги эми карамүртөз диктаторго көз каранды эмес. Алардын эркиндиги бүткүл регион жана жалпы дүйнө үчүн жакшылыктын белгиси.
Мурунку күнү Рамсфелд Сауд Арабияга токтоп, Ирактагы жеңиштен улам Америка Перси булуңундагы аскерлеринин басымдуу бөлүгүн акырындап алып кетээрин жарыялаган:
- Биз мындан ары да Сауд Арабия менен эки тарап үчүн пайдалуу кызматташтыгыбызды уланта бермекчибиз. Атап айтканда, сауди армиясын машыктырып-күчтөндүрүү иштерине жардам көрсөтүү ниетибиз бар, бирок азыркы тапта бул жердеги аскерлерибиздин бир бөлүгүн чыгарып кетүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Вашингтондун өкүлдөрү Рамсфелддин айткандарын чечмелеп, ушул жайдын аягына дейре Сауд Арабиядагы америкалык 5000дей аскердин 400ү гана калтырылып, калганы мекенине кайтарылаарын маалымдашты.
Дүйшөмбүдө Багдаддан 50 чакырымдай алыстыктагы Фаллужа калаасында антиамерикалык демонстрацияга каршы ок ачылгандан бери өлкөдө АКШга каршы маанай көтөрүлө түшүшү мүмкүн деген чочулоодон улам Доналд Рамсфелддин визитинин коопсуздук чаралары кыйла бекемделгени кабарланууда. Айрым маалыматтар боюнча, Фаллужада карапайым ирактыктар жергиликтүү мектепти ээлеп алган АКШ аскерлерине нааразылык билдирип, имараттты бошотууну талап кылышмакчы болгон, ошол эле учурда алар Саддам Хусейндин туулган күнүн белгилеш үчүн анын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан. Жергиликтүү догдурлар америкалык аскерлердин огунан ал күнү 13 демонстрант шейит болуп, 70тен ашуун адам жаракат алганын билдиришкен. АКШ аскерлери адегенде демонстранттар тарабынан курал колдонулгандыктан, коргонууга аргасыз болушканын айтса, "Ройтерс" маалымат агенттиги күбөлөрдүн айтканына шилтеме жасап, демонстрацияга жалаң куралсыз адамдар катышканын кабарлайт.
Белгилүү болгондой, Ирактагы кээ бир шаар-кыштактар азырынча АКШ аскерлеринин карамагына толугу менен өтө элек, ирактык оппозиция өкүлдөрү кырдаалды кыйындатпай, өлкөдө борбордук башкаруу органдарын ыкчам орнотууга үндөп жатышат. Андан улам, бейшембиде Багдадда Ирактын негизги алдыңкы саясий кыймылдарынын лидерлери чогулуп, болочок өкмөттүн курамын талкуулашмакчы. АКШнын коргоо министри шаршембиде алардын айрымдары менен жолугуп, Ирактагы кайра куруу иштеринин жүрүшү тууралуу ой бөлүшөт. Ирактагы америкалык аскерий жетекчилер Саддам Хусейндин жакын санаалаштарынын 55 кишиден турган тизмесинен бүгүнкүгө дейре 15 адам кармалганын кабарлашты. Ал тизмени баштаган Саддам өзү жана анын эки уулу кайда житип жоголгону беймаалым бойдон.