Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

АКШ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ШАРТЫНА КӨНБӨДҮ


Шейшемби күнү Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын алты айдан берки дипломаттык эрөөлдөн чыгуу жөнүндөгү сунушун четке какты. Бул сунушка ылайык, Вашингтон Пхеньянга ал муктаж заттардан жардам бериши жана Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепил өтүшү шарт. Анын акысына Пхеньян өзөктүк программасынан баш тартып, баллистикалык ракеталарды экспорттоону токтотот.

Вашингтон Түндүк Корея өткөн жума соңунда Бээжин сүйлөшүүсүндө ортого салган сунушту четке какты.
АКШлык ырасмий адамдардын сөзүнө караганда, бул сунушка ылайык, Пхеньян өзүнүн өзөктүк куралдарды өнүктүрүү программасынан баш тартат жана баллистикалык ракеталарды тыш өлкөлөргө сатууну токтотот. Кошмо Штаттары анын ордуна Пхеньянга азыктүлүктөн, даары-дармектен, күйүүчү майдан жана башка өлкө муктаж заттардан жардам көрсөтүп, Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепилдик бериши шарт.

Бирок, АКШ мындай шартка көнбөдү.

Ройтер жана башка маалымат булактары баамдагандай, Вашингтон Пхеньяндын жарым жылдан берки эки өлкө ортосундагы эрөөлдү жөнгө салууга багытталган сунушуна макул келбестен, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу кризисти дипломаттык жол менен чечүү мүмкүндүгүн четке какты.

Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл шейшемби күнү АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө, Кошмо Штаттары “жаман атты” болбос үчүн, Түндүк Кореянын “куралсыздануу” жөнүндөгү сунушун дыкат изилдеп көрөт деди.

- Бул сунуш бизди өзүбүз үчүн зарыл багытка алып барбайт. Биз, ага карабай, сунушту изилдеп чыгабыз...

Ал эми Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшер кабарчылар үчүн жасаган билдирүүсүндө президент Буш “Түндүк Кореяга жаман жүрүм-туруму үчүн сыйлык бербейт” деп баса белгиледи.

- Президент Буш Түндүк Кореянын жаман жүрүм-туруму үчүн сыйлык бербейм деп айтты. Биз Түндүк Кореянын кыңк этпестен жана анын өзөктүк куралдарды өнүктүрүү программасынан баш тартканын текшерип көргөндөй жагдайды түзүүсүн каалайбыз. Биз алардын демейде айтканындай өз каалагынын жасоосу үчүн эч кандай “татканткыч жем” бербейбиз.

Деген менен, Флейшер: “Бул дипломаттык жарыян. Дипломаттык процесстер убакытты талап кылат. Президент бул ишке убактысынын көбүн бөлмөк болууда”, - деп эскертти.

Ырасмий Пхеньян билдиргенге караганда, Вашингтон сунушту жактырбагандан кийин, АКШ менен аягы бүтпөгөн сүйлөшүүлөрдү улантуунун зарылдыгы жок.
“АКШ бул өңүтүнөн тайбаса, эки жак канчалык көп кездешип сүйлөшсө да, андан майнап чыкпайт”,- деп тыянак кылат Түндүк Корея өкмөтүнүн “Минбю Чосон” гезити.

Маалымат булактары билдиргенге караганда, президент Буштун мартабалуу кеңешчилери менен жардамчылары ортосунда Пхеньяндын сунушу боюнча жалпы пикир жок.
Атын атабоону өтүнгөн АКШлык ырасмий адамдын айтышынча, “Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл деген көз карашта болсо, Коргоо министри Доналд Рамсфелд андай пикирге кармандай каршы турат”.
Мындай эки ачакей кырдаалга карабай, айрым ырасмий булактардын айтымында, Мамлекеттик департамент Түндүк Корея өзөктүк кризисин жөндөө боюнча жаңы сунушту даярдоодо.
Башка бир ырасмий адамдардын сөзү боюнча, Кошмо Штаттары Түндүк Корея боюнча келерки кадамды апрель айында Вашингтонго Түштүк Корея менен Жапониянын лидерлери келип кеткенден кийин жасайт.

XS
SM
MD
LG