КАРАКОЛ. Ысыккөл жана Нарын облус аралык мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвесторлорду тартуу башкармасынын эмгек жамааты Ош облусунун Өзгөн районундагы Каратарык айылында болуп өткөн жаратылыш кырсыгынан жабыр тартып жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которушту. Аталган башкармалыктын башчысы Букан Кененбаевдин айтымында, ал жетектеген эмгек жамааты облустагы башка бардык мекеме-ишканаларга, бейөкмөт жана коомдук уюмдарга, ишкерлерге Каратарык жана Сөгөт элине колдон келишинче жардам берүү чакырыгы менен кайрылды.