Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

ЖОРЖ БУШ: ИРАКТАГЫ СОГУШТУН НЕГИЗГИ БӨЛҮГҮ АЯКТАДЫ


Ирактагы согуш аяктап калгандыктан, коалициялык күчтөрдүн башкы милдети эми бейпилдикти коргоо экенинен күмөн санагандар жокко эсе. Ошентсе да, өткөн түнү Америка элине кайрылган АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы согуштун негизги бөлүгү артта калганын айтып, бирок терроризмге каршы күрөш уланып жатканын белгиледи. Буштун бул кайрылуусун эксперттер ар түрдүү чечмелеп жатышат.

"Авраам Линкольн" аттуу согуштук кемеси Перси булуңундагы 10 айга созулган кызматын бүтүрүп, мекенине кайтып келаткан жеринен Калифорниядагы жээкке 50 чакырымча калганда, ага атайын учак менен келип конгон америкалык президент кемедеги аскерлерге жана телекөрсөтүү аркылуу жалпы элге кайрылды:

- Ирактагы негизги согуштук операциялар аяктады. Ал жактагы уруштарда АКШ менен биздин союздаштар үстөмдүккө жетишти.

Жорж Буш, ошол эле учурда, алдыда дагы көптөгөн татаал милдеттер жатканына көңүл бура кетти:

- Иракта бизди дагы көптөгөн кыйын иштер күтүп турат. Дагы эле өтө кооптуу аймак бойдон калып жаткан өлкөнүн айрым бөлүктөрүндө тартип орното баштадык. Жасаган кылмыштары үчүн жаза тарта турган Ирактын эски режиминин жетекчилерин издеп, колго түшүрүп жатабыз. Андан тышкары өлкөдөгү химиялык, биологиялык куралдарды табуу керек, алар катылышы мүмкүн болгон жүздөгөн жайлар жөнүндө маалымат топтодук.

Жорж Буш Ирактагы согушту 11-сентябрдагы теракттардан кийин башталган күрөштүн уландысы катары атап, "Ал-Каида күчтүү жаракат алды, бирок ал биротоло жок кылына элек", - деп басым жасады. Айтор, АКШ президенти согуштук кемедеги аскерлерди, ошондой эле анын кайрылуусун көрүп отурган америкалыктарды Ирактагы чечкиндүү жеңиши менен куттуктаган жок. Андан улам, айрым аналитиктер эгерде Буш согуш аяктады, биз жеңдик деп салтанаттуу жарыяласа, Вашингтон эл аралык Женева конвенциясына ылайык, ирактагы уруш учурунда туткундалган аскерлерди түрмөдөн бошотууга жана мындан ары Саддам Хусейнди жана анын жан-жөкөрлөрүн издөө иштерин токтотууга мажбур болмок деп чыгышты. Мындай пикирлер менен америкалык белгилүү юрист, Жорж Вашингтон университетинин укук боюнча профессору Ральф Штейнхардт макул эмес:

- Буштун администрациясы буга чейин бир нече ирет эл аралык келишимдерге өтө сак мамиле жасабаарын далилдебедиби. Ошондуктан, мен бул ирет Вашингтон Женева Конвенциясынан чочулап жатат дегендерге кошулгум келбейт. Башкы себеп - Иракта коопсуздук, бейпилдик орной элегинде жатат деп ойлойм.

Ал эми Нью-Йорктогу Саясий изилдөөлөр борборунун директору Артур Хелтон Женева Конвенциясында согуш аяктаар замат, эл аралык мыйзамдарды бузган туткундардын баарын бошотуу керек деп айтылбаганына көңүл бурат:

- Бул жерде сөз – ирактык катардагы жоокерлер жөнүндө жүрүп жаткан жок, жалпы атуулдук милдетин аткарып, аскердик кызматты аркалаган алардын көбү, албетте, бошотулууга тийиш. Ал эми АКШ жетекчилиги Саддам Хусейн жана анын жакын санаалаштары адамзатка каршы, өз элине каршы олуттуу кылмыштарды жасаган деп шектенип жатса, аларды кармап, камакка алууга укуктуу. Женева келишиминде да кимде-ким карапайым элдин коопсуздугуна коркунуч келтирсе, ал согуш бүткөндөн кийин да кармалып, сот жообуна тартылышы керектиги даана жазылган.

Эл аралык укук боюнча адистер АКШ Ирактагы согуш учурунда туткунга түшкөндөрдүн ар биринин ишин өзүнчө, кылдат карап чыгып чечим кабыл алышы керектигин, ошондой эле жалаң ирактыктар гана эмес, коалициялык күчтөрдүн мыйзам бузуу фактылары боюнча да кылмыш иш козгоого милдеттүү экенин айтып жатышат. Мисалы, алар ушул аптада Фаллужа калаасында демонстранттарга ок ачкан, ошондой эле согуш маалында чек арада токтобой койгон карапайым ирактыктарды атып өлтүргөн АКШ аскерлерин сот жообуна тартуу зарыл деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG