Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

5 ӨЛКӨНҮН ЕККУдагы ӨКҮЛДӨРҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА КАЙДЫГЕР КАРАШПАЙТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы Франциянын, Швециянын, Болгариянын, Норвегиянын, Ирландиянын туруктуу өкүлдөрү жана элчилери 2-майда Бишкектеги «Пинара» мейманканасында массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, өлкөдөгү кырдаал боюнча пикир алышты. Жолугушуу учурунда журналисттер өлкөдө массалык маалымат каражаттарына карата мамиле жана башка маселелер тууралуу кеңири кеп куруп беришти.

Жолугушууда алгачкы сөздү «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким алып, өлкөдө сөз эркиндигинин абалына токтолуп, айрым басылмалардын үстүнөн болуп жаткан сот жараяндары тууралуу айтып берди. Ал өз сөзүндө азыр бийлик чөйрөсүндө президент Аскар Акаевди жаңы мөөнөткө калтыруу аракеттери башталганын, аны Оштогу Жаш окумуштуулардын форумундагы кайрылуу ырастай тургандыгын кошумчалады. Ал эми басылманын шеф-редактору Рина Приживойт ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өлкөгө «саясый турист» катары келип, бийлик адамдары менен сүйлөшүп, Кыргызстандын меймандос мамилеси менен таанышып кетээрин, бирок андан эч кандай натыйжа болбой, жылдан-жылга өлкө демократиялык багытынан четтеп, туңгуюкка капталып жатканын айтты.

- Бизге ЕККУдан жана башка эл аралык уюмдардан саясый турист катары көп эле өкүлдөр келип кетишет, - деди Приживойт айым. - Алар Кыргызстандын меймандостугун көрүп, ар кандай кабыл алууларда болуп кайтышат. Анан бийликтин «бизде баары жакшы, баары жайында» деген пикирин угушат. Бирок Кыргызстан жылдан-жылга кедерине кетип жатканын анчалык аңдабай жатышат. Келген «саясый туристтер» өлкөдө атайын жасалгаланган кооз көрүнүш менен реалдуу турмушту ажырата билишсе жакшы болмок.

Ал эми «Пирамида» сыналгысынын саясий баяндамачысы Александр Кулинский Өкмөт Үйүндө өткөн ар кандай иш-чараларды чагылдыруудан президенттик администрация аны оолактатып келгенин, ар дайым ага басым жасалып келгенин айтып, ушундай аракеттер улана берсе, жакын арада ЕККУга мүчө Батыш өлкөлөрүнүн бирине саясый баш калканч издеп кайрылаарын ачыктады.

«Алмаз» радиосунун директору Рустам Кошмуратов ушул жылдын июль айынан баштап телерадиостанцияларга обо жыштыгын алыш үчүн жаңы эрежелер киргизилгенин, андагы талаптарга ылайык берүүнүн мазмуну тууралуу да алдын-ала билдирүү зарыл болоорун, бул чыныгы цензура экенин билдирди. Жолугушууда өз пикирин билдирген көпчүлүк журналисттер 2005-жылда болуучу президенттик шайлоого карата аракеттер эмитен башталганын, ал маалымат каражаттарына карата бийликтин мамилесинен улам айкын сезилип жатканын айтышты.

Жолугушууда Бишкекте ачылуучу Басма үйүнүн маселеси дагы бир жолу көтөрүлүп, ал тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев, азырынча убадалар гана айтылып, анын ачылышы улам-улам артка жылып келгенин айтып чыкты:

- Бул басылма ушул жылдын апрель айында ачылаары айтылган. Андан соң «ал октябрь айына калды» деп билдиришти. Мен анын октябрь айында ачылышына да көзүм жетпейт. Ал 2005-жылы президенттик шайлоонун алдында барып ачылышы мүмкүн.

Жолугушуунун соңунда жыйынтыктоочу сөз берилген Норвегиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү жана элчиси Метте Конгсхем айым, бул жолу элчилер Кыргызстанга «саясий турист» катары эмес, өлкөдөгү кырдаал менен жакындан таанышуу үчүн келишкенин, көргөндөрүн, уккандарын, жыйнаган материалдарын атайын отчет түрүндө даярдашып, жетекчиликке жеткиришээрин айтты.

Жыйынды алып барган ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси, элчи Айдын Идил бул уюм тарабынан өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын абалы ар убак кылдат иликтөөгө алынып келгенин, сентябрь айында Бишкекте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн басма сөз форуму өтөөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG