Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

АЙЫПТАЛЫП АТКАН «АРНАМЫСЧЫНЫН» КАЙДА ЭКЕНИ БЕЛГИСИЗ


“Референдум болуп аткан күнү адам уурдаган” деп айыпталып аткан “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дулатов тергөө сурагына келбей койду. Т. Дулатовдун партиялаштары анын кайда экенин билишпей тургандыгын айтышса, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү “Арнамыс” партиясынын мүчөсүнө козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий өң-түс жок экендигин билдиришүүдө.

Конституциялык референдум өткөндөн бери деле кыйла убакыт колдон жылмышты. Бирок анын жаңырыгы дагы кыйлага созулат окшоп калды. Референдум учурунда “адам уурдады” деген айып менен журналист Төлөгөн Сулаймановго, “Арнамыс” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Тынчтыкбек Дулатовго Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. “Арнамыс” партиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Дулатов ушул жылдын 24-мартында убактылуу кармоо жайына камалып, 3 күндөн кийин сыртка чыкпастыгы тууралуу тилкат берип бошотулган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Зоя Кожобекованын маалыматына караганда, кылмыш иши негизинен аяктаган. Аны менен айыпталуучулар таанышып чыгышса иш сотко ашырылмак. Зоя Кожобекованын айтымында, Тынчтыкбек Дулатовго каршы козголгон кылмыш иштин артында эч кандай саясий кысым, кызыкчылык жок. Эгер тергөөчү тарабынан коюлган айып, адам уурдоо фактысы сотто далилденсе, айыпкер 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Тергөөчү: “Тынчтыкбек Дулатов убактылуу камактан бошотулуп жатканда берген тилкатындагы убадасына туруп, 2-май күнү кечки саат 6га чейин келбесе, анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүшү ыктымал”, - деп билдирди. “Арнамыс” партиясынын мүчөсүнө каршы козголуп аткан кылмыш ишинде эч кандай саясий кызыкчылык жок экенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы да ырастады.

Анткен менен иш өзгөчөлүгүнө таянышкан тергөөчү менен басма сөз кызматынын башчысы өз пикирлерин ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңеш Дүйшөбаевдин уруксаты болмоюнча ачык айта албай тургандыктарын билдиришти. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин жардамчысы болсо К.Дүйшөбаев маанилүү жыйында отурганын билдирип, маселени ал киши өзү гана чечээрин эскертти.

“Арнамыс” партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев болсо Тынчтыкбек Дулатовдун кайда экенин билбестигин айтты:

- Тынчтыкбек Дулатовдун кайда экенин биз деле билбей отурабыз. Үй-бүлөсүнүн айтымында, 30-апрель күнү тергөөчү чакырган экен, ошого кеткен боюнча жок. Иштин баары референдумдан башталган. Тынчтыкбек Дулатов баш болгон байкоочулар добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларды таап, бюджеттен айлык алган кишилерди автобус менен шайлоо участокторуна алып барып 4-5 ирет добуш бердиртип жатышканын кармап, акт түзүшкөн. Тынчтыкбек Дулатовго “киши уурдадыңар” деп кылмыш ишин козгошуп, артынан түшүп алышканы ошондон. Бул иштин саясий себеби бар. Анткени биз референдумга байкоо жүргүзүү боюнча коомдук штаб түзгөнбүз. Референдум жыйынтыгы туура эмес чыкканын далилдеп, өтпөй калганын айтып, жыйынтык чыгарганбыз. Ошондо алар бизге, эгер жыйынтыгыбызды элге жарыя кылбай турган болсок, кылмыш ишин жаба тургандыктарын айтып, апачык соода кылышкан.

Кыргызстандагы референдум менен шайлоолордун жыйынтыктары көбүнесе саясий талаш-тартыштар менен коштолот. Кийинки парламенттик шайлоо учурунда көпчүлүктүн пикири эске алынбай, мыйзамдык укугу бузулганын айтып, Карабуура менен Кадамжайдын шайлоочулары нааразылык билдирип чыгышса, Өзгөн менен Каракулжадагы былтыркы парламенттик шайлоонун чатагы азыркыга чейин уланып келатат. Кезектеги конституциялык референдумдун кандай өткөнү сот залында дагы бир жолу ачыкка чыгат окшоп калды.

XS
SM
MD
LG