Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Өзбекстанда бизнес чөйрөсүндөгү абал жакшырган жок


Эл аралык валюта фондусунун департамент башчысы Жон Одлинг-Смии кечээ Ташкенде өзбек өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң тышкы соода-сатык жагынан өлкөдө мындан бир жал мурдагыга караганда кыйла катаң эрежелер колдонулуп жаткандыгын белгиледи. Сүйлөшүүлөр учурунда өзбек тарабы тышкы соода иштерин либералдаштырууга, бир катар тармактардагы эрежелерди кайра карап чыкканга убада берди. Мунун алдында Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын президенти Жан Лемиер Өзбекстан өз коңшулары менен соода-сатык алакасын жакшыртып, рыногун ачык шартта кармаганда гана аталган банктан кеңири жардамдарга үмүт кыла аларын эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG