Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Жергиликтүү кеңеш депутаттары партиялык тизме менен шайланышы мүмкүн


Бишкек. Президенттик администрациянын тийиштүү бөлүмдөрүндө ушу тапта шайлоо кодексине, саясий партиялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү, кошумчалар киргизүү маселеси караштырылууда. Бул тууралуу ишембиде парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Чолпонкул Арабаев билдирди. Анын айтымында, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу жергиликтүү кеңештерге депутаттардын бир бөлүгүн партиялык тизме менен шайлоо мүмкүнчүлүгү ачылат. Мыйзамдарга кошумчалар киргизүүнү «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өткөн жума соңунда президент менен жолугушууда сунуштаган жана президент ал сунушту колдогон. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күзүндө өткөрүлөт. Текебаевдин айтымында, президент менен жолугушууда болочокто Жогорку Кеңеш депутаттарынын бир бөлүгүн партиялык тизме боюнча шайлоо мүмкүнчүлүгү талкууланып, андай сунуш президенттин колдоосуна ээ болгон.

XS
SM
MD
LG