Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

КАРАКУЛЖАДА 11-МАЙДАГЫ ШАЙЛОО ТЫНЧ ӨТӨБҮ?


4-майда Үсөн Сыдыковду коргоо комитети президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрүнө телеграмма жолдоду. Анда анын тарапкерлери № 33-Каракулжа шайлоо округунда 11-майга белгиленген Жогорку Кеңешке депутат шайлоонун экинчи айлампасына Үсөн Сыдыковду катыштырууну талап кылып, эгер бул талап аткарылбаса - Каракулжадан Ошко чейин жөө жүрүшкө чыгышаарын жана саясий акцияларды улантышаарын эскертишкен.

«Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттыкка ат салышкан Үсөн Сыдыковдун жактоочуларынын койгон талаптарына карабастан, 11-майда № 33-Каракулжа округунда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт», - деп билдирди 5-майда «Азаттыкка» Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Сулайман Иманбаев. «Каракулжа шайлоо округунда 70 миңден ашуун шайлоочу бар жана алардын кызыкчылыгы үчүн шайлоону өткөрүшүбүз керек», - деди ал.

- Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Менимче, Үсөн Сыдыков да мамлекеттик жана коомдук ишмер катары аны жакшы түшүнөт деген ойдомун. Ал киши мыйзамды, Конституцияны сыйлоого милдетүү. Ошондой эле, биздин мамлекетте да, башка демократия жолундагы мамлекеттердей эле, ар бир жарандын шайлоо жана шайлануу укугу Конституцияда гарантияланганын жакшы түшүнүшүбүз керек. Бул укукту кандайдыр-бир жолдор менен тоскоолдук кылып, пайдалантпай коюуга, тоскоолдук кылууга эч кимдин акысы жок. Ошол себептен 11-майда Каракулжада шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү керек. Себеби, ал жерде 70 миңден ашуун шайлоочу бар. Ал эми чыгып алып, чыр кылып жаткандар аз эле кишилер. Эми алардын талабына карап мамлекеттин ишин жүргүзө албайбыз. Алардын талабы ошол шайлоо күнү эске алынат, - дейт Сулайман Иманбаев.

2002-жылдын 20-октябрында Каракулжа округунда өткөн шайлоодо Үсөн Сыдыков 18421 шайлоочунун добушун алып, жалпы шайлоого катышкандардын 48% ишенимине ээ болгон. Бирок ал Ош шаардык соту тарабынан шайлоонун экинчи айлампасынан четтетилген болчу. «Конституциялык укугубуз бузулду» деген Үсөн Сыдыковдун жактоочулары байма-бай нааразылык акцияларын уюштуруп, Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгышкан. Кыргызстанда экинчи Аксы окуясы кайталанып кетчүдөй кырдаал түзүлгөн. Ошондон чочулаган Борбордук шайлоо комиссиясы Каракулжадагы шайлоонун экинчи айлампасын белгисиз мөөнөткө жылдырган.

11-майга шайлоонун экинчи айлампасы белгиленгенден кийин, Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын алар менен жолугушуусун жана Үсөн Сыдыковдун шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Президент баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдогондор, коюлган талаптары 7-майга чейин аткарылбаса, Каракулжадан Ошко чейин жөө жүрүшкө чыгышаарын жана саясий акцияларды кайрадан улантышаарын эскертишкен. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери Нур уулу Досбол Үсөн Сыдыковдун жактоочуларынын нааразы болушуна негиз бар деген пикирде:

- Үсөн Сыдыковдун жактоочуларынын койгон маселеси эле – 18500 шайлоочунун добушу, ишеними кана? Ал добуштарды кайра калыбына келтирип, Сыдыковду да кошуп, анан шайлоону өткөргүлө деген эле талап. Шайлоонун экинчи айлампасын өткөрөөрдөн мурда элге эмне себептен Ү. Сыдыков шайлоодон четтетилгенин түшүндүрүп, ынандыруу керек эле. Эртеңки күнү ушул шайлоонун кесепетинен бир жаңжал, чыр-чатак чыгып кетсе, ага ким жооп берет?

Каракулжа районунун администрация башчысы Рашид Тажибаев Үсөн Сыдыковдун шайлоочуларына жагдайды түшүндүрүп, 11-майга белгиленген шайлоо мыйзамдын негизинде өтөөрүн айтканын телефон аркылуу 5-майда «Азаттыкка» билдирди:

- Мага Сыдыковдун он чакты жактоочусу келди. Мен аларга «шайлоо мыйзамга ылайык өтөт, туугандар, колуңардан келсе депутаттыкка ат салышкан эки талапкерге тең каршы болгула, бирок, шайлоого тоскоолдук кылбагыла» деп айттым.

11-майда Каракулжада өтө турган шайлоонун экинчи айлампасында 2002-жылдын 20-октябрында болгон шайлоодо Үсөн Сыдыковдон кийинки орундарды алган талапкерлер Жолборс Осмонов менен Замирбек Парманкулов күч сынашмакчы.

XS
SM
MD
LG