Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

ПРЕЗИДЕНТ ГЕЙДАР АЛИЕВДИН САЛАМАТТЫГЫ АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ СТАБИЛДҮҮЛҮКТҮН КЕПИЛИБИ?


Азербайжандын президенти Гейдар Алиев 10-майда сексенге чыгат. Учурда ал Түркияда медициналык кароодон өтүүдө. Мурдараак Г. Алиев быйыл күздө болуучу президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган эле. Бирок жашы улгайып калган Г.Алиевдин ден-соолугуна байланышкан күмөн саноолор соңку кездери кайрадан күчөдү. Президенттин жеке көйгөйүнүн өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасири тийиши мүмкүн?

Жекшемби күнү азербайжан оппозициясынын бир нече миң жактоочусу Баку шаарында демонстрацияга чыгып, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшүн жана Гейдар Алиевдин отставкасын талап кылышты. Алар өз талаптарын Гейдар Алиев оорукчан экенине, ден-соолугунунун начардыгынан улам президенттик кызматын аткара албасына байланыштырышты. Айткандай эле демонстрация болгондон бир күн мурда мамлекет башчысы медициналык кароодон өтүү үчүн Түркиянын башкалаасы - Анкарага кеткен эле. Азери бийликтери президент Анкарадагы "Гүлхан" аскердик ооруканасына адаттагы текшерүүгө барганын, ден-соолугу ойдогудай экенин, Бакуга жакынкы күндөрү кайтып келээрин билдиришүүдө. Анкарага кетерден эки апта мурун улуттук телекөрсөтүү түз чагылдырып жаткан салтанатта сүйлөгөн кезинде президент эки ирээт эсин жоготуп койгон эле. Буга салтанатка катышып жаткандар менен телекөрөрмандардын баары күбө болгон. Аталган окуя боюнча берилген расмий түшүндүрмөдө анда президенттин кан басымы жогорулап кеткени айтылган. Гейдар Алиевдин мурдатан жүрөк кесели бар. Ал 1999-жылы АКШда жүрөгүнө операция жасаткан. Андан бери да хирургдардын столуна үч-төрт ирээт жатып чыкты.

Азербайжан президентинин администрация башчысы Али Хасанов президенттин ден соолугу начарлап кетти деген кептерди өткөн аптада эле төгүндөп, Гейдар Алиев быйылкы күздөгү шайлоого катышарын ырастаган. Анткен менен жашы улгайып калган мамлекет башчысынын ден соолугуна, деги эле анын кызмат-милдеттерин аркалоо жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу күмөн саноолор соңку кездери кайрадан күчөдү.

Айрым саясий аналиктер азырынча өз мураскорун дайындай элек Гейдар Алиев кызматтан чегинсе өлкөдө бийлик боштугу жаралып, саясий баш–аламандык болорун айтышат. Евразия өлкөлөрүнө адистешкен британиялык эксперт Мевлут Катиктин пикиринде, соңку отуз жылдан бери бийликте отурган Алиевге Азербайжандын саясатында борбордук роль таандык. Андыктан анын ден-соолугуна тиешелүү жеке көйгөйлөрүнүн өлкөдөгү саясий туруктуулукка тийүүчү таасири чоң:

- Азырынча ал саясаттагы өткөөл мезгилге даярдык көргөн жок. Ал турсун кийинки президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Мунун жүйөөсү катары Азербайжандын бейкуттугу үчүн өлкөнүн ичинде жана тышында да жетиштүү негиз түзүүнү кааларын айттууда. Сырттан Азербайждандын коңшуларына, өзгөчө Арменияга караштуу проблемаларын белгилөөгө болот. Өлкө ичинде болсо ал туруктуулукту сактоо менен өз уулунун келечектеги президент катары түрдүү саясий күчтөр тарабынан таанылышына аракеттенип жатат.

Көпчүлүк Гейдар Алиевдин мураскор катары 41-жаштагы улуу уулу Илхамды аташат. Бирок аналитиктердин болжолунда, Гейдар Алиев кызматтан чегинсе бийлик талаш башталышы мүмкүн. Британиялык эксперт Мевлут Катик:

- Илхам - мамлекеттик мунай компаниянын вице-президенттеринин бири. Бирок ал соңку жылдары саясатка аралышып жүрөт. Ал турсун өзү ээлик кылган интернет -сайтта өлкөнүн өнүгүү келечеги, түрдүү ички жана тышкы маселелер боюнча көз караштарын жарыялап келүүдө. Демек ал атасынын аркасы менен өзүн даярдоодо. Бирок маселе - ал түрдүү саясий партиялар, өзгөчө башкаруучу Нахичеван кланы тарабынан кандай деңгээлде кабыл алынаарында.

Айтор, 10-майда президент Гейдар Алиев сексенге чыгууда. Ал мааракесин тосуу үчүн бул күнү Анкарадан Бакуга кайтып келээр-келбеси азырынча ачык белгисиз. Мурдараак азербайжан президентинин сексен жылдык салтанатына Орусиянын жана коңшу өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышары күтүлүп жаткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG