Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

ИРАКТЫН ФАЛЛУЖА ШААРЫНДАГЫ ОКУЯЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Согушта жеңип, Иракты басып алгандан кийин, америкалык аскерлер азыр өлкөдө тартип орнотууга аракеттенүүдө жана ал үчүн Ирак үч аймакка бөлүндү. Америкалыктарды мурда өлкөнүн түндүгүндөгү күрттөр колдоп, түштүктө жашаган шийилер АКШга каршы бир нече митинг-демонстрация өткөргөн болсо, өткөн аптада өлкөнүн борбордук аймагында чыккан чатак да абалды бир кыйла курчутту.

Америкалык жетекчилик Иракка каршы согушту анын диктаторлук режимин кулатып, өлкөдө демократиялык тартип орнотуу максатында баштаган. Анткен менен согуш аракеттери учурунда бир топ карапайым адам да курман болуп, аскерий эмес имараттар кыйрап, Ирак музейлеринин баа жеткис тарыхый буюмдары каракталып жоголду. Согуштан кийинки Ирактагы абалды Бириккен Улуттар Уюму жөнгө салыш керек деген сунушту Вашингтон четке кагып, өлкөдө өзүнүн убактылуу башкаруучулугун орнотту.

Ал башкаруучулук азыр ирак өкүлдөрүнөн турган убактылуу өкмөт түзүүгө аракеттенүүдө, бирок анын аралыгында болгон кээ бир окуялар карапайым эл арасындагы маанайды америкалыктарга каршы бурууда. Согуш аяктагандан кийин антиамерикалык митинг-демонстрациялар көбүнчө өлкөнүн түштүк аймактарында жашаган шийилер арасында болгон жана аны жетекчилик кошуна Ирандын таасири менен түшүндүргөн.

Өткөн аптада болсо суннилер турган борбордук аймакта да чатак чыкты жана андан кеминде 17 карапайым адам набыт болду. Мындай өлүмдөр америкалык аскерлерге карата эл арасындагы мамилени жакшыртпай турганы анык жана кандайдыр бир оң өзгөрүүлөр болбосо, дагы жаңы кагылышуулар чыгышы мүмкүн.

"Ассошиейтед пресс" агенттиги тараткан маалымат боюнча, Багдаддан батыш тарапта 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Фаллужа шаары апрел айында америкалык аскерлерге - алар шаардан эки күндөн кийин чыгып кетет деген шарт менен багынып берген. Бирок аскерлер Фаллужадан кеткен жок жана алардын кээ бир бөлүктөрү шаар борборундагы мектепке жайгашып алгандыктан, 28-апрелде бир нече жүз адам мектеп алдында чогулуп, антиамерикалык ураандар менен аны таш баранга алганда, аскерлер аларга каршы ок атып, 13 адамды өлтүргөн. Өлгөндөрдүн арасында демонстрацияга катышпаган карапайым адамдар да болгон. Америкалык жетекчиликтин айтымында, биринчи ок топтолгон эл арасынан аскерлерге каршы атылган, ошондуктан солдаттар коргонгон.

Карапайым элге каршы ок атылганына нааразылык билдирген Фаллужа тургундары 30-апрел күнү дагы бир демонстрация уюштурганда, солдаттар ага да каршы ок атып, дагы төрт адамды өлтүргөн. Бул жолу аскерлерге эл тарабынан эки граната ыргытылгандыктан, 18 солдат жарат алган. Америкалык жетекчиликтин айтымында, аскерге каршы дагы андай чабуулдар болсо, солдаттар өзүн коргоого бардык чара көрөт, бирок мындай тирешүү Ирактагы абалды жөнгө салуу иштерин ылдамдатпай турганы анык.

Америкалык капитан Майк Риидмюллердин айтымында, эл жакында тынчтанат: "Менин оюмча, антиамерикалык маанай абдан аз сандагы эл арасында гана бар жана ошолор бул чатактарды уюштуруп жатат. Элдин көпчүлүгү Саддамдын бийликтен кеткенине ыраазы жана өз өлкөсүн кайра курууга кызыкдар. Биздин пикирибизде, Ирак - ирактыктар үчүн, алар өз өкмөтүн түзөт жана аны көзөмөлдөйт, биз болсо кетебиз".

Бирок Фаллужа шаарынын тургуну Раиддин пикиринде, америкалык аскерлердин аракеттери террорчулукка тете: "Биз муну эч качан унутпайбыз. Эч качан. Жана биз америкалыктарды кечирбейбиз, биз аларды кыйратып жок кылабыз. Бүткүл Американы эмес, ал жакта жакшы адамдар да бар, бирок биздин кишилерди өлтүргөн америкалыктарды биз өлтүрөбүз".

Эл арасындагы мындай каршылык маанайды жок кылуу үчүн, атайын олуттуу аракеттер керек экени анык.

XS
SM
MD
LG