Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Кыргызстандын жетекчилиги административдик реформага киришти


БИШКЕК. Бүгүн БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстанда административдик башкарууну реформалоого багытталган программасынын бет ачаары болду. Программанын улуттук техникалык башкы кеңешчиси Таалай Койчумановдун маалыматына караганда, бул программа административдик башкаруу системасын ырааттуу реформалоо жана анын негизинде мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу багытын көздөйт. ПРООН бул программанын негизинде бир катар министрликтерде жана мекемелерде функционалдык талдоо жүргүзүп, бири-бирин кайталаган министрликтерди, мекеме-уюмдарды кыскартуу зарылдыгын аныктаган. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун бет ачаарда айткан маалыматына караганда, Кыргызстанда мындан ары административдик реформаны күчөтүүгө катуу көңүл бурулуп, мамлекеттик башкаруу органдарынын натыйжалуулугун аныктоочу функционалдык талдоо такай жүргүзүлүп турат.

XS
SM
MD
LG