Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУНУ РЕФОРМАЛОО АЙКЫНДЫККА КЕПИЛДИК БЕРЕБИ?


Кыргызстандагы борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын иш деңгээли экономикалык жараяндардан артта калууда. Мындай пикир бүгүн Өкмөт Үйүндө өткөн семинарда айтылды. Ал Кыргызстандагы административдик башкарууну реформалоо маселесин талкуулады.

Донор-уюмдардын сунушуна ылайык кыргыз өкмөтү былтыр киришкен мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун биринчи этабы соңуна чыкты. Административдик реформа долбооруна ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү институту менен Кыргызстандын президенттик администрациясы биргелешип, министрликтердин, тармактардын ишмердүүлүгүн талдоого багыт берип, анын тыянагын чыгарды. Кыргыз өкмөтү иштин жыйынтыгы боюнча 30 министрликтин жана тармактардын ишмердүүлүгүн кароодон өткөрдү. Ал эми беш министрликтин структурасы ПРООН уюмунун атайын долбоорунун негизинде талдоого алынды. Эксперттердин пикирлерине караганда, функционалдык талдоонун башкы максаты - реформалоону системалуу ишке ашыруу. Реформалоонун багытына ылайык талдоонун негизинде мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу тармактарын кайра түзүү, кызматкерлердин санын аткарыла турган жумушка ылайыктоо, уставдарга, жоболорго өзгөртүү киргизүү, административдик башкаруу ыкмасын өзгөртүү чаралары көрүлөт.

- Эгер бул проблемаларды чечип алсак, министрликтердин, тармактардын иш деңгээлин жогорулатууга негиз пайда болот, - дейт Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү тармагынын мамлекеттик кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Николай Давыдов.

Долбоорго ылайык, экинчи этапта бардык облустук, райондук жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу органдарын функционалдык талдоо улантылат жана республикалык деңгээлдеги тармактардын иштерин өркүндөтүү багытында аракеттер көрүлөт.

Бирок, мамлекеттик кызматчылар арасында азыркы административдик реформанын ийкемдүү ишке ашырылышынан күмөн санагандар да бар. Маселен, бири-бирин кайталаган тармактарды жоюу, адистерди мүмкүнчүлүгүнө жана иштин кызыкчылыгына жараша кызматка жайгаштыруу боюнча сунуштар тармактарды же кызматчыларды азайтууну караштырышы ыктымал. Ушул өңдүү маселелерди көтөргөн эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Иманкадыр Рысалиев, Өкмөт Үйүндө өткөн семинарда ПРООНдун эксперттерине:

- Бул жерде бардыгын эле ушу маселе кызыктырып атат. Сиз бул долбоор аяктагандан кийин өкмөттүн кыскартуу боюнча токтому, же президенттин жардыгы чыкпай тургандыгына кепилдик бере аласызбы? - деген суроо берди.

ПРООНдун башкы эксперти Таалай Койчумановдун билдиргенине караганда, долбоор кыскартуу, жоюу максатын көздөбөйт жана бирин-экин тармакка эмес, жалпы системага багытталат.

Кыскартууларга кооптонуу менен кароонун негизсиздигин Николай Давыдов мындайча белгиледи:

- Башкаруунун оптималдуу тутуму болгону жакшы. Ошого жараша кыскартууларды да жөн салды караган болбойт. Ар бир министрлик, ар бир кызматкер канчалык натыйжалуу иштеп жатат, анын мүмкүнчүлүгү канчалык, иш аткаруунун шарт-жагдайы кандай деген өңдүү негиздерден мамиле кылыш керек.

Семинардагы өкмөт өкүлдөрүнүн жана эл аралык уюмдардын эксперттеринин ишендиргендерине караганда, административдик башкаруунун жана анда иштеген кызматкерлердин натыйжалуу ишин камсыздоодо алардын ишмердүүлүгүнө функционалдык талдоо жүргүзүп туруу олуттуу мааниге ээ. Кыргызстандын башкаруу тармактарында мындай талдоо мындан ары үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG