Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

ИРАКТА ПОЛИЦИЯ ИЛКИП-КАЛКЫП ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Ирактагы америкалык убактылуу администрация өлкөдө полициялык күчтөрдүн структурасын кайра түзүүгө киришти. Бул максатта эски режимдин тушунда ички иштер мекемелеринде кызмат кылган ирактыктарга мурдагы жумуш орундарына кайтып келгенге уруксат берилди. “Азаттыктын” ушу тапта Багдадда жүргөн кабарчысы Замира Эшанова бүлгүн-бүлүктөн тажаган калк коомдук тартипти күзөтчү органдарды түзүү аракетине колдоо билдирип жатышканын, ошол эле учурда бул процесс бир катар кыйынчылыктарга туш келгендигин белгиледи.

Америкалык администрациянын өкүлү, майор Винсент Крэбб кызматын улантууну каалаган полицмендерге көк ырапыс униформа берилип жаткандыгын маалымдады. Саддамдын тушунда ирак полициясынын энчилүү сырт кийими кара-жашыл түстө болгон эле. Кызматка туруу үчүн эч кандай кедерги жок, деп ырастады Крэбб. Бул үчүн экс-полицмендер анкета толтурушат, андан соң өмүр таржымакалын таптиштеген текшерүүдөн өтүшөт. Мунун баары кудум Америкадагыдай: кокус кыйтыңы билинсе, кызматка алынбайт. Мындан тышкары жумушка алынган кайсыдыр бир полицменге калктын кадиги туулса, ал дароо иликтөөгө алынат. Кабарчыбыз Замира Эшанова ырастагандай, эски режимдин тушунда полицияда иштеген бир катар адамдар америкалыктардын таклибин макул тутуп, мурдагы жумушуна кайра келишти. Аларга айына 20 доллардан маяна төлөнөт. Мындай жалыйна Ирактын шартында кызыл жабар абалдан кыйла өйдө жашаганга толук жетет. Азырынча беш миллиондон ашуун калкы бар Багдад үчүн баш-аягы 3 миңдей полицмен топтолду. Америкалык администрациянын өкүлдөрү европалык он өлкөдөн эл аралык коопсуздук контингенти чогулуп келгиче жергиликтүү полиция отряддарынын саны да бир топко барып калат деп ишенишет. Деген менен полиция мекемелерине башчылыкка дайындаганы эски бийликтин кадрлары арасынан колу таза, этеги булганбаган офицерлерди табуу кыйын болуп жатат. Өткөн жумада Багдаддын полиция жетекчилигине америкалыктар генерал Зукир ал-Наимини дайындашты эле, эки күн өтпөй ал эмнегедир айнып калды. Саддамдын маалында ички иштер тармагында кызмат кылып, бирок экс-диктатордун кыйыгына калган дагы эки генерал жакында полициялык мекемелерге жетекчиликке дайындалышты.

Эски ишине кайтып келген көпчүлүк полицмендер али, арийне, бийликтин амири өктөм өкүлү катары аракеттене албай жатышат, деп ырастайт биздин кабарчы. Жол полициясы, мисалы, шаардын көчөлөрүндө тек гана кыймылга көз салымыш этип, ары-бери басып жүрүшөт. Алар тартип бузган ким бирөөнү кармап-камаганга, ууру-кескилердин же башка кылмышкердин артынан сая түшүп кууганга азырынча укугу да, мүмкүндүгү да жок. Мындай иштердин баарын коалициялык аскер бөлүктөрү жасай алат. Анын үстүнө Ирактын жаңы полицмендеринде заманбап курал-жарак, оперативдүү байланыш каражаты, атүгүл автоунаасы да өп-чап. Бүткүл Багдад полициясында ушу тапта жүзгө жетпеген жеңил машина бар, алардын көбү жол полициясынын энчисинде. Өз ишине жаңыдан эле кайтып келген 20 жаштагы Азиз аттуу полицмен кабарчыбызга азыр ар бир ирак адамынын коюн-колтугунан окчонтойлуу автомат чыгарын, ал эми полиция кызматчысынын ала таягынан башка аралжы болор жарытылуу куралы жоктугун айтып, мындай шартта алар өз милдетин ойдогудай аткара алары күмөн деп билдирди. Экинчи бир олуттуу проблема катары жергиликтүү полицмендер кайсы мыйзам эрежелери боюнча иш кыларын билбей жатышканын айтышат. Жол полиция департаментинин өкүлү полковник Аднан Жасем Мохаммед өлкөдө жаңы турмуш башталган соң эски эрежелердин баары жарабай калгандыгын,жаңы мыйзамдар болсо жоктугун айтып,ошондуктан кээде полицмендер эмне кылышты да билбей калып жатканын моюнга алды.

Америкалыктардын чакырыгы боюнча мурдагы кызматка кайтып жаткандар буга көбүнесе кынжылткан материалдык кысымчылыктын айынан муктаж болгондугун да жашырышпайт. Гасим аттуу жаш полицмен, мисалы, америкалык администрация азырынча өңчөй жогорку кызмат орундарына гана жакшы маяна белгилеп, ал эми катардагы полицмендерге жалчыбаган жалыйна төлөп жаткандыгына нааразы. Эгер төмөнкү составдагы полицмендер финансы жагынан жетиштүү камсыздалбаса, анда алардын көбү тез эле үйрөнгөн эски адатына кетишет – жең ичинен пара алганга,жемпул жегенге өтүшөт, деп айтты ал. Ошентсе да карапайым калк үчүн ай дээрге ажо,кой дээрге кожо калбаган бүлгүн-бүлүктөн соң шаардын көчөлөрүндө полицимендердин пайда болгону аздыр-көптүр көңүлгө төтө кылар иш болду.

XS
SM
MD
LG