Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

АКШ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЗ ЖАРАНДАРЫНА КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек http://gdb.rferl.org/941D25E8-E542-49AF-A025-E434B7F60778_w203.jpg АКШнын Мамлекеттик департаменти 6-май күнү билдирүү таратты. Анда ««Өзбекстан ислам кыймылы» өңдүү экстремисттик уюмдар Кыргызстандагы америкалык жарандарга жана АКШ мамлекетинин кызыкчылыктарына сокку урушу ыктымал» деп жазылат. Америка элчилигиндеги атын атагысы келбеген кызматкер бул билдирүүнү 2001-жылы 11-сентябрда болгон террордук чабуулдан кийинки жылыга болчу көнүмүш кагаз катары баалады. Ал эми Кыргызстандагы америкалык жарандарды бул билдирүү анчейин деле чочутпаган өңдүү.

АКШ өкмөтүнүн билдирүүсүндө «Өзбекстан ислам кыймылы» жана «Аль-Каида» менен карым-катнашы бар террордук уюмдар тарабынан Кыргызстандагы америкалыктарга жана АКШ мамлекетинин кызыкчылыктарына каршы террордук актыларды уюштурушу мүмкүн экени айтылган. АКШ өкмөтү өз жарандарына «колдон келсе Кыргызстандын түштүк аймактарына барбагыла» деп кеңеш берет. Билдирүүдө Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен дубандарда, мурдагы жылдардагы коогалаңдуу күндөрдүн зардабынан улам, айрыкча Баткен облусуна жол тартуу коркунучтуу экендиги эскертилет. Акырында АКШнын Мамлекеттик департаменти ар бир жаранына «Кыргызстандын босогосун аттаардан мурун алтындай өмүрүңөрдүн коопсуздугун ойлогула» деген кыяздагы кооптонуусун билдирди.

АКШ өкмөтү «мындан 2 жыл мурда Кыргызстандын түштүгүнө кол салып кирген «Өзбекстан ислам кыймылы» Орто Азия мамлекеттеринин аймагында дале активдүү күн көрүп аткандыктан, Кыргызстанда террордук актылар болушу мүмкүн» деп жазат. Кыргызстандагы америкалыктарды бул билдирүү анча деле чоочуткан жок. Алардын көбү бул билдирүүнү өкмөттүн өз жарандары үчүн мойнундагы жоопкерчиликти сезе билгендиги катары гана кабылдашты. Бишкекте жашаган АКШ жараны Сара Амслер айым Кыргызстандагы өз жашоосун бир кыйла тынч деп эсептейт.

- Мен эч кандай деле коркунучту сезген жокмун, - дейт ал. - АКШ өкмөтү мындай билдирүү жасаганы өз жоопкерчилигин сезгени го деп түшүнөм. Мисалы, мен Ошко деле эч чочулабастан бара алам.

АКШ өкмөтү Ош дубанына барбаганга кеңеш берсе, АКШнын жараны Махмуд Дилхастер эмки айда Ошто иштеген досуна мейманга жөнөгөнү турат. Ал 6-майдагы билдирүүнү Ирак согушунан кийин АКШ бийлигинин алдын-ала сактануусу катары гана баалады.

Борбордук Азиядагы Америка университетинде иштеген Уиллиам Хансен 5 жылдан бери Бишкекте жашайт. Ал «америкалыктардын жашоосун 11-сентябрдагы кайгылуу окуя эле эмес, АКШнын президенти Жорж Буштун эл аралык алкактагы саясаты бир кыйла кооптуу жагдайга түрттү» деп эсептейт. Уиллиам мырза үчүн Вашингтондо же Нью-Йоркто жүргөндөн көрө Кыргызстанда жашаганы бир кыйла тынчыраактай сезилет экен.

- Мындай билдирүүнү АКШ өкмөтү жылыга эле жасайт, - деди Уиллиам Хансен. - 11-сентябрдагы окуядан кийин албетте, мен, американын жараны катары, өз коопсуздугумду ойлойм. Бирок, 11-сентябрдагы трагедия гана эмес, Кошмо Штаттардын азыркы президенти Жорж Буштун агрессивдүү саясаты да америкалык жарандардын өмүрүн коркунучка кириптер кылууда. Азыркы бийликтин эл аралык алкактагы саясатына каршы чыккандар өч алгысы келишет. Буга чейин Кыргызстанга караганда АКШнын өзүндө террордук актылар көп болду. Америкада жашагандан көрө Кыргызстанда жашаганым тынчыраак. Карагылачы, көчөдө баары жайма-жай басып жүрүшөт.

АКШ өкмөтүнүн билдирүүсү 7-майда кыргыз коомчулугуна дайын болду. Кыргыз бийлиги деле бул кагазды салкын кабыл алды. Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков «Кыргызстанда террордук чабуулдар болбойт» деп кесе айта алган жок.

- Мен террордук чабуулдар болот же болбойт деп айта албайм. Бирок коркунуч жок деген да болбойт. Ошондуктан жигиттерибизди мыктылап машыктырып, ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек, - дейт Жанузаков мырза.

Учурда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги коопсуздук чараларын күчөттү. «Франспресс» агенттиги билдиргендей, АКШ өкмөтү боолголоп аткан террордук чабуулдарга «Манас» аба майданындагы америкалык аба базасы биринчи туш болушу ыктымал. Ганси атындагы аба базасынын коомдук байланыш боюнча кызматкери Елизабет Ортиз «АКШ өкмөтүнүн эскертүүсү абдан маанилүү» деп ырастады. Елизабет айымдын пикиринде, 11-сентябрдагы окуядан кийин мамлекеттик бийликтер жана жер жүзүндөгү ар бир адам кыраакы жана сак болушу абзел.

АКШ өкмөтү быйыл 5-апрелде Өзбекстандагы жарандарына да эскертүү жасаган. Анда АКШнын Мамлекеттик департаменти ««Өзбекстан ислам кыймылы» «ал-Каида» жана «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы» менен чогуу Өзбекстандагы америкалык жарандарга кол салууга даярданып аткан болушу ыктымал» деп билдирген.

XS
SM
MD
LG