Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

АКШ ИРАК БОЮНЧА ЖАҢЫ РЕЗОЛЮЦИЯ СУНУШ КЫЛДЫ


Вашингтон даярдаган Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоорун Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши жабык эшик артында талкуулай баштады. Алдын-ала жарыяланган долбоордо Иракка каршы 1991-жылы киргизилген экономикалык санкцияларды алып салуу, өлкөнүн мунайын сатып, андан түшкөн каражатты бөлүштүрүү милдетин Саддамдын бийлигин кулаткан Америка менен Британия баштаган коалицияга тапшыруу каралган. Андан тышкары документте Бириккен улуттар уюму Ирактагы саясий реформалар менен гуманитардык жардам таратуу маселелерине көмөктөшөөрү көрсөтүлгөн.

Вашингтон даярдаган резолюция долбоору, эң башкысы, алдыдагы бир жыл ичинде Ирактагы кайра куруу иштерине кимдер катышып, аларга ким жетекчилик кылаарын аныктайт. Долбоорго ылайык, согуштан кийинки Иракты башкаруу, өлкөнүн мунай запастарын сатып, андан түшкөн каражатты бөлүштүрүү, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилиги Америка жетектеген коалицияга тапшырылууга тийиш. Бириккен улуттар уюмунун атайын координатору болсо, ирактыктардын утурумдук өкмөт түзүү аракеттерине көмөктөшүп, калкка гуманитардык жардам таратуу маселелерин тейлемекчи. Документтеги дагы бир маанилүү маселе – Вашингтон Иракка каршы 1991-жылы киргизилген экономикалык жана финансылык чектөөлөрдүн баарын жоюуну сунуш кылууда. Бул маселеге БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү – Орусия жана Франция каршы чыгаарын кайталап келатышат, алар Улуттар уюму кабыл алган мурдагы чечим боюнча санкциялар эл аралык инспекторлор Ирактын массалык кыргын салуучу куралы жок деп тастыктаганда гана жоюлушу керек деген пикирде.

Ошентсе да, АКШнын расмий өкүлдөрү Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө үндөп жатышат. Вашингтондун Улуттар уюмундагы элчиси Жон Негропонте резолюциянын негизги жоболору Коопсуздук Кеңеши тарабынан түшүнүү менен кабыл алынаарына үмүт артаарын билдирди:

- Биз, албетте, резолюция долбоорун талкуулоого катыша турган бардык тараптар документти конструктивдүү, алысты көрө билген көз караштан байкап караштырат деп үмүттөнөбүз. Ошондой болгондо гана ирак экономикасы эркиндикке ээ болуп, ирактыктар демократиялуу саясий система түзүүгө киришип, өлкөнү калыбына келтирүү иштери толук кандуу жүргүзүлө баштайт.

Айтор, Вашингтондун резолюция долбоорунда АКШ жана ага кошулуп, Саддамга каршы согушту колдогон өлкөлөргө Иракты кайра куруу иштеринде чечүүчү роль ыйгарылган. Атап айтканда, Америка көзөмөлдөгөн администрация Ирактын мунайын экспорттоп, андан түшкөн каражатты башкармакчы. Ал администрация, же чечмелеп айтканда, Иракка жардам көрсөтүү фондуна Бириккен улуттар уюму башында турган эл аралык орган кеңеш берип турмакчы. Ал консультациялык органга Улуттар уюмунан башка Эл аралык валюта корунун жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да кирээри күтүлөт. Ошол эл аралык кеңешме дайындаган көз карандысыз аудиторлор АКШлык администрация Ирактын мунайынан түшкөн кирешени кандай бөлүштүрүп жатканын текшере алат. Андан сырткары Вашингтон өз резолюциясында Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннандан Иракка гуманитардык жардам көргөзүү жана өлкөнү калыбына келтирүү иштерин координациялай турган атайын өкүлүн дайындоону суранган. Байкоочулар БУУнун башкатчысынын Ирактагы болочок өкүлү Балкандагы жана Ооганстандагы чабарман сыяктуу, негизинен өлкөнүн жаңы өкмөттүк мекемелерин түзүүгө жардам көрсөтөөрүн айтышат.

Вашингтондун өкүмү үстөмдүк кылган документ, дипломаттардын айтымында, жалпысынан Кеңештин мүчөлөрү арасында конструктивдүү маанайда кабыл алынды. АКШнын Мамлекеттик департаменти ушул аптада долбоор боюнча Орусия, Германия, Пакистан жана Мексиканын өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөр өткөргөн. Эксперттер резолюция долбоору негизинен жактырылышы мүмкүн, бирок ага чейин Кеңештин мүчөлөрү Вашингтон менен бир топ талашып-соодалашат деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG