Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

АКШ БАШ БОЛГОН ӨЛКӨЛӨР ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ ТЫНЧТЫК ПЛАНЫН СУНУШТАШТЫ


Бакыт Аманбаев, Прага АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 10-майда Жакынкы Чыгышка иш сапары менен келди. Колин Пауэлл адегенде, Израилдин жана Палестинанын жетекчилери менен жолугушуп, каршылашкан тараптарды өз ара элдешүүгө үндөдү. Ушул эле маселе боюнча ал аймактагы башка өлкө жетекчилери менен жолугушууну көздөөдө.

Колин Пауэллдин иш сапарынын башкы максаты, палестин-жөөт жетекчилери менен көзмө-көз жолугушуп, алар менен Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча сунушталган жаңы тынчтык планын турмушка ашыруу тууралуу пикирлешүү.

Айтамакчы, Жакынкы Чыгыштагы карама-каршылыкты жөнгө салуу планы бул жолу БУУ, Европа Биримдиги жана АКШ менен Орусиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыкты.

Колин Пауэлдин пикиринде, “Жол картасы” деп аталган мындай план, тараптардын өз ара тынчтык сүйлөшүүсүн баштоосуна ар тараптуу өбөлгө түзөт. Бул тууралуу ал ишемби күнү Израилдин Тышкы иштер министри Сильван Шалом менен жолуккан учурда билдирди:

“Жол картасы” биздин алдыга карай жылышыбызга жетишээрлик мүмкүнчүлүк берет. Бул бардык маселелер боюча өз ара түшүндүк дегендикке жатпайт. Эгерде, биз алдыга жылсак, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тынчтык планы боюнча ар кандай сунуш-пикирлер айтылат. Сунуш кылынган тынчтык планы биздин өз ара сүйлөшүүлөрдү баштообузга жетиштүү.

АКШ баш болгон өлкөлөр сунуштап жаткан тынчтык планына карата Изарилдин Тышкы иштер министри Сильван Шалом мындайча өз оюн ортого салды:

“Биз президент Жорж Буштун 24-июнда айткан көз-карашын түшүнүү менен кабыл алдык. Бул тууралуу, биз, бир эмес бир нече жолу билдирдик. Эгерде, Палестинанын жаңы жетекчилиги тынчтык үчүн биз менен сүйлөшүүгө даяр болсо,анда биз өз ара сүйлөшүп максатыбызга жетебиз. Президент Жорж Буш бизге дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Биз аны аткарышыбыз керек.

Ал эми жаңы сунуш кылынып жаткан тынчтык планына карата ушул аптанын башында эки жактуу сүйлөшүүлөрдөгү Палестин тараптын жетекчиси Саев Ерекат мындайча пикирин билдирген:

Бул “Жол картасы” өз ара тынчтыкка жетүүгө өбөлгө түзөт. Бул карта максатты өз ара түшүнүүчүлүк менен турмушка ашырууну талап кылат.

Ал эми жекшемби күнү кечинде Колин Пауэлл Израилдин премьер министри Арэл Шарон жана Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андан соң ал Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты жөнгө салуу маселеси боюнча, Египед, Иордания, Сауд Аравия өлкөлөрүнүн жетекчилери менен жолугууну көздөөдө.

Ошентип, Жакынкы Чыгыштагы каршылашкан тараптар АКШ баш болгон өлкөлөр сунуш кылган тынчтык планынын азырынча колдошууда. Бирок алар келечекте мындай планды биргелешип аткарышабы же жокпу аны убакыт көрсөтөт.

Жакынкы Чыгыштагы иш сапарынан соң Колин Пауэлл Европа өлкөлөрүнө жөнөп кетет. Ал жерде Германия, Болгария, Орусиянын мамлекет башчылары менен жолугат. Айрым эксперттердин пикиринде, Колин Пауэлл аталган өлкө жетекчилери менен БУУнун Иракка карата жаңы резолюциясынын долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жаңы резолюцияда БУУНун буга чейин Иракка карата койгон экономикалык санциясын алуу жана Ирактагы абалды жөнгө салуу боюнча олуттуу маселер камтылган.

XS
SM
MD
LG