Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

БИЙЛИК, ОППОЗИЦИЯ БАСЫМЫНА КАРАБАЙ, ШАЙЛООДО ЖЕҢГЕН ЗАМИРБЕК ПАРМАНКУЛОВ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Коомчулуктун көңүлүн 7 ай бою өзүнө буруп, көптөгөн талаш-тартыштардын жаралышына негиз берген №33-Каракулжа шайлоо округунда жекшемби күнү шайлоонун 2-айлампасы өтүп, алгачкы жыйынтык боюнча көпчүлүк добушка талапкер Замирбек Парманкулов ээ болду. Бул шайлоонун сабактары жана жыйынтыктары терең иликтөөгө алынып, эгемен өлкөнүн тарыхында өз ордун табуучу окуяга айланаары шексиз.

Айрым эксперттердин пикирине караганда, бул шайлоо көптөгөн маселелердин башын ачып берген өзгөчө саясый окуя болду. Чын-чынына келгенде парламенттик шайлоо бийлик менен оппозициянын күч сынашына айланып, жыйынтыгы күткөндөн кыйла башкача чыкты. Эки тараптын тирешүүсү карапайым калктын түздөн-түз катышуусу аркасында өттү. Каракулжа шайлоосу узактыгы менен деле тарыхка кирүүгө акысы бар, бийлик менен оппозиция көп жагынан сабак алчу көрсөтмөлүү окуя.

Кээ бир байкоочулардын айтымында, бул шайлоо бир жагынан 2000-жылкы Карабуурадагы Феликс Куловдун, Бишкектеги Данияр Үсөновдун шайлоосун эске салат. Окуянын жүрүшү көрсөткөндөй, элдин толкунуна туруштук бере албай, эки райондун акими алардын жөө жүрүшүнө кошулууга аргасыз болушту. Ушунун өзү эле саясий жагдайдын кандайлыгын кашкайтып көрсөтүп туру. Аксы окуясынан бир айырмасы - бул жерде элдин нааразычылыгын басуу үчүн күч колдонуп ок атууга бийлик даай алган жок. Ал эми укугу тепселген көпчүлүк элдин бир кыйласы өткөн жылдын ноябрь айында Бишкекке келиши деле маселенин оңго чечилишине шарт түзгөн жок, алыстан келгендерге Бишкекте кандай мамиле жасалганы элдин эсинде. Ош шаардык сотунун чечими менен шайлоонун 2-айлампасынан четтетилген Үсөн Сыдыков мындай мамилени бийликтин зордук-зомбулугу катары сыпаттаган.

«Бул сокурга деле көрүнүп турат. Бир райондон Дооронбек Садырбаев, Үсөн Сыдыков сыяктуу оппозициялык маанайдагы эки депутат Жогорку Кеңешке келип калса, өтө көп болуп кетет деп ойлоду окшойт. Бу бийликтегилер дагы эле баягы күчкө салып зомбулукка салган ойнун улантып келатышат», дейт ал.

Өлкөдөгү нааразылык акцияларын кимдер уюштуруп жатканын, аларга бийликтин мамилеси кандай болорун мамлекет башчысы А. Акаев мындайча билдирген болчу:

«Мындай талаш-тартышты элдин камын ойлобогон, көбүн эсе керт башынын таламын көздөгөн бөйрөктөн шыйрак чыгарган күчтөр таңуулоодо. Түбү келип жамандыкты көздөгөн күчтөргө сокку уруу зарыл».

Узакка созулган тирешүүдөн кийин мына быйыл 11-майда шайлоонун 2-айлампасы өткөрүлдү. Анда Үсөн Сыдыковду атаандаштыктан четтетүү үчүн сотко кайрылып, Ош шаардык сотунун чечими менен кийинки шайлоого 2-талапкер катары катышуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен Жолборс Осмонов Замирбек Парманкуловдон аз добушка ээ болуп, жеңилип калды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, шайлоонун биринчи айлампасында Жолборс Осмоновдун талапкерлигин бийлик ачык колдоп чыккан. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын элдин бийликке жасаган мамилеси катары караса деле жарашат. Көпчүлүк элдин ишенимине жетишкен Замир Парманкулов шайлоо учурунда бир жагынан бийлик, экинчи тараптан оппозиция элге басым жасап жатканын айтып, өз мүдөөсүн момундайча билдирген.

«Мен өзүм ойлойм, бир эле талапкер менен күрөшкөн жокмун,- дейт Замир Парманкулов.- Бир тараптан оппозициялык депутаттар менен күрөштүм. Бир тараптан бийлик турду. Айрым бир бийлик адамдары барып, мына, Жолборс Осмонов биздин адам, аны колдоп койгула деп, бир жактан бийлик адамдары турду. Расмий түрдө шайлоонун биринчи турунда оппозиция 46%, Парманкулов 19% добушка ээ болуп жыйынтыкталган болчу».

Ошентип, 7 айга созулган шайлоо соңуна чыгып, бийликтен да, оппозициядан да колдоо албаган ортодогу ишкер жигит З. Парманкулов жеңишке жетип, окуяга чекит коюлду.

XS
SM
MD
LG