Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

ИЗРАИЛ КОНКРЕТТҮҮ КАДАМ ЖАСАСА, ПАЛЕСТИНА ЖАКШЫ ЫКЛАСЫН БИЛДИРДИ


Байкоочулардын айтымында, Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Жакынкы Чыгыштагы сапары натыйжасыз болбоду. Ариел Шарондун өкмөтү 25 миңдей палестиналыктын Израилге каттап иштөөсүнө уруксат берди, 180ден көп палестиналыкты абактан бошотту. Палестин тарап Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга даяр экенин билдирди.

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жекшемби күнү Израилдин жана Палестинанын лидерлери менен төртилтик сунуш кылган тынчтык планын алгачкы жолу талкуулады. Тынчтык планы эл аралык коомчулукка “Жол картасы” деген ат менен белгилүү.

Израил өкмөтү ошол эле күнү жакшы ыкласын көрсөтүп, 180ден ашык палестиналыкты түрмөдөн чыгарды, 25 миңдей палестиналыктын Израилге жумушка каттоосуна уруксат берди. Газа секторунда жашаган палестиналыктар Мисирге, Батыш Иордандын калкы Иорданияга эркин каттоого мүмкүндүк алышты.

31 ай мурда палестиналыктардын израилдиктерге каршы интифадасы башталгандан кийин, Израил өкмөтү миңдеген палестиналыктардын Израилге каттап иштөөсүнө тыйуу салып койгон болчу. Катаал чара Батыш Иордан менен Газадагы экономикалык кризистин башкы фактору болгон. (Израилдик дипломаттык булактардын билдиришинче, 2000-жылдын сентябрь айынын акыркы күндөрү интифада башталганга чейин 120 миңге жакын палестиналык Израилге жумушка каттаган).

Израилдин премьер-министри Ариель Шарон Колин Пауэлл менен Иерусалимде өткөн жолугушуудан соң Махмуд Аббас башындагы Палестинанын жаңы өкмөтүн террорчулукка каршы чечкиндүү аракеттенүүгө чакырды:

- Палестиналыктар терроризмге каршы чындап согуш баштаса, ошондо террчулукту токтотууга мүмкүн болот. Террорчулукту тыйуу-саясый жараяндарды алга жылдыруунун негизги шарты. Израилдин калкы коопсуз болсо, Израил өкмөтү палестинанын эли үчүн дагы жакшы жагдайларды түзөт.

Шарон ошондой эле израилдик делегация жакында палестин тарап менен кездешип, өз ара элдешүүнүн жолдорун талкуулайт деп кошумчалады.

Премьер-министр Махмуд Аббас Палестина өкмөтү тынчтык планын эч кандай шарты жок колдоорун айтып, төртилтик Жакынкы Чыгыш чатагын жөндөмөйүнчө токтобой аракеттенет деген үмүтүн билдирди:

- Мен америкалыктардын дипломаттык миссиясына жана төртилтиктин бардык мүчөлөрүнүн маселени акыр аягына чейин жеткирүүгө бекем бел байлап чыкканына ишенем. Себеби, тынчтыктын “Жол картасы” берген мүмкүнчүлүккө алардын ар бири ишенет. Мындай мүмкүнчүлүк колдон чыгарылбаш керек.

Израил тынчтык планын утурлай 15 шарт койууда.
Алардын мазмуну, Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл айткандай, азырынча белгисиз. Мурдакы тынчтык пландарынан айрымаланып, төртилтикке мүчө АКШ, Евросоюз, Улуттар уюму жана Россия чогуу иштеп чыккан “Жол картасын”, бир катар таасирдүү араб өлкөлөрү да колдогон.

Араб дүйнөсүндө тасири күчтүү Мисир, Израилдин палестиналыктардын турмушун жеңилдетүү боюнча жасаган акыркы кадамдарын колдоп, жөөт мамлекетин “Жол картасын” кетенчиктебестен туруп аткарууга үндөдү.

Колин Пауэлл 11-майда премьер-министр Махмуд Аббас менен Батыш Иорданда өткөн сүйлөшүүдөн кийин, Палестинанын жаңы өкмөтүнүн террорчулардын инфраструктураларын тез жана чечкиндүү жок кылуусу зарыл экенин баса белгилеп, Израил менен Палестинанын жетекчилигин “Жол картасында” каралган сунуштарды ишке ашырууга токтобостон киришүүгө чакырды:

- Эки тараптын өз ара сүйлөшүүсү зарыл. Бирок, мен, обол дегенде, эки жакта жакшы ыклас менен жоопкерчиликтүү мамиленин болушу маанилүү деп эсептеймин. Мен мурда айткандай: келгиле, дагы бир күндү текке кетирбестен, (сүйлөшүүнү) азыр баштайлы.

Пауэллдин маалымдашынча, Кошмо Штаттары жолдорду оңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана чакан бизнеске көмөктөшүү үчүн Палестинага кошумча дагы 50 миллион доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG