Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

САДДАМДЫН МАССАЛЫК КЫРГЫН САЛУУЧУ КУРАЛЫ БОЛГОНБУ?


АКШ Ирактагы согушка башкы себеп катары Саддамдын массалык кыргын салуучу куралын атаган эле. Бирок, Багдаддагы эски режим кулаганына бир айга чукулдап калса да, азырынча Ирактын коркунучтуу куралынын дайыны чыга элек. Аны табууга буга чейин колго түшкөн Саддамдын шакирттери да шыкак боло алышпады.

АКШ президенти Жорж Буш жана Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирактагы согуш башталаар-башталганча ага башкы себеп катары Саддам Хусейндин коркунучтуу куралдарын бетке кармашкан эле. Ал гана эмес, беш айга жакын Иракты тинтип, олуттуу эч нерсе таба албаган Бириккен улуттар уюмунун инспекторлорун америкалык жана британиялык кесипкөй адистер алмаштырышкан. Арийне, АКШ баштаган коалициялык күчтөр Багдадды багындырганына 3 жумадан ашса да, азырынча Саддамдын тушунда Иракта коркунучтуу курал өндүрүлгөнү тууралуу далилдер жарыялана элек. Ошентсе да, өткөн аптада Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Жорж Буш Саддамдын массалык кыргын салуучу куралы акыры бир күнү сөзсүз колго тиет деп дагы бир ирет ишендире кетти:

- Бизге Саддам Хусейндин кооптуу куралы бар болгону белгилүү. Атүгүл ал кеңири кыруучу куралдар программасын жаап-жашырууга бир нече жыл сарптаганын билебиз, акыры бир күнү акыйкаттык жеңет, ошондо америкалыктар биз Саддамды бийликтен кулатканда өз элибиздин коопсуздугун гана көздөгөнүбүзгө ынанышат.



Ирактагы согуш башталгандан бери Вашингтондун Саддам Хусейндин жакындары менен саясий шакирттеринин 55 кишиден турган тизмесинен 19 адам колго түшүп, бирөө окко учуп өлдү. Көпчүлүгү мурдагы ирак өкмөтүнүн мүчөлөрү болгон белгилүү туткундардан башка Ирактын курал-жарак программаларына тиешеси бар окумуштуу-илимпоздор да камакка алынды. Бирок, АКШ президенти Жорж Буш журналисттерге арыздангандай, азырынча абактагы Ирактын мурдагы вице-премьери Тарык Азиз баштаган Саддамдын министрлеринен да тийиштүү маалымат чыкпай жатат:

- Биздин колубузда азыр эмнелер бар? Азырынча, мисалы, камактагы Тарык Азиз да чындыкты кантип айтаарын билбей отурат. Ал Саддамдын өкмөтүндө иштеп жүргөндө, калп айтканга көнүп алып, колго түшкөндөн кийин да чындыкты айтууга батынбай отурат.


Вашингтондогу саясий изилдөөлөр борборунун эксперти Жон Вольфштахл: "Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү маалыматты Саддамга жакын мурдагы жетекчилер эмес, катардагы чиновниктер, же илимпоздор ачып бериши мүмкүн. Дал ошондой ортоңку катмардын өкүлдөрү Саддамдын бийлиги тушунда жүздөгөн кишилер чогуусу менен көмүлгөн көрлөрдү табууга жардам бербедиби", - деп белгилейт. Вашингтондук эксперттин пикиринде, камактагылар да жардам бериши мүмкүн, бирок ал үчүн АКШлык командачылык аларга карата мамилесин өзгөртүшү абзел:

- Азыр биз аларды кылмышкерлер катары карап жатсак, алар, албетте, америкалыктарга агынан жарылып, билгенин айтып бере коймок беле. Же болбосо, кийин жаңы ирак өкмөтү чыккынчы катары жоопко тартышы мүмкүн деген да коркунуч бар. Аларга эч ким баалуу маалымат берсең, мунапыс тартууланат, же башка өлкөгө бозгунчулукка кетүүгө жардам көргөзөбүз деген жок. АКШ абактагы ирактык жетекчи-илимпоздорго кандайдыр кепилдиктер берип, кызматташууга кызыктырышы керек.



Ал эми америкалык отставкадагы генерал Эдвард Аткесон: "Иракта эч кандай коркунучтуу курал табылбай деле калышы мүмкүн, анткени башкысы – ал эмес, Саддамды бийликтен кетирүү болчу", - деп Пентагондун айрым эски сырларын ачат:

- Мындан көп жыл мурун, Ирактын массалык кыргын салуучу куралы эч кимдин оюна келе элек заманда эле Пентагондо, жөнөкөй тил менен айтканда, "Саддам Хусейн – жаман киши, аны бийликтен кетирүү керек" деген чакан план бар болчу. Кийин ал планды ишке ашырыш үчүн айрым шылтоолор айтыла баштады, кеңири кыруучу курал – жакшы себеп болуп калды.

Генералдын айтымында, негизгиси - Америка менен Британиянын эли эмне үчүн Саддамдын кооптуу куралын тапкан жок деп Буш менен Блэрди күнөөлөбөйт, башкысы – бизди болочокку биологиялык жана химиялык чабуулдардан коргоп калды деп тескерисинче аларды урматташы гана мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG