Саддам режиминин кулатылганына бир айдын жүзү болду. Кабар агенттиктери өлкөну калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат деп маалымдашууда. Айрым ирактыктар болсо бир айдын ичинде электрэнергия жана таза суу менен камсыз кылуу өңдүү калктын турмушу үчүн маанилүү тармактар толук ишке кире электигин мисалга келтирип, жаңы администрациянын иш-аркеттери жай жүрүүдө деген сын-пикирлерин билдиришүүдө. Ушундан уламбы, айтор, АКШнын Ирактагы жарандык администрациянын мүчөсү Барбара Бодин башка кызматка которулду. Бул жөнүндө 11-майда Реконструкция жана гуманитардык жардам боюнча кеңсенин басма сөз өкүлү, майор Жон Корнелио билдирди. Бодин аймдын Ирактан кетүү себептери жана мындан ары кайсы кызматты ээлери айтылган жок. Жана анын ордун ким басары жөнүндө да сөз козголгон жок. АКШнын Йемендеги мурдагы элчиси Барбара Бодин Иракта болгону үч апта иштеди.
“Вашингтон пост” гезити жекшемби күнкү санында дипломат АКШнын Мамлекеттик департаментинде саясий-аскерий бөлүмүнүн директорунун орун басары болуп дайындалышы мүмкүн деп жоромолдойт. Бодин айым ошол эле гезитке берген интервьюсунда: ”Мен аткарыла турган иштерибиздин бардыгы ишке ашты деген ой менен кетип жаткан жокмун. Ошол эле мезгилде кылган иш-аракеттерибиз ордунан чыкпай калды деп да айта албайм”, - деп айтты. Барбара Бодин 1991-жылы Кувейтте иштеп турган маалда 137 күн Саддамдын аскерлери тарабынан туткундалып турганын кошумчалай кетели.
Бодиндин кетиши жарандык администрациянын ичиндеги реорганизациянын бир гана белгиси. Утурумдук жарандык жетекчиликтин башчысы отставкадагы генерал Жэй Гарнер дагы жакынкы аралыкта кызматынан чегинет деп күтүлүүдө. Белгилүү болгондой мындан бир нече күн мурун кесипкөй дипломат, 61 жаштагы Пол Бремер Гарнердин бышчысы болуп дайындалган.
Аталган администрацияга өлкөдөгү реконструкция иштерине жетекчилик кылуу милдети жүктөлгөн. Андан тышкары убактылуу өкмөт түзүү жараянында да ал жардамчы болот деп белгиленген.
Жарандык иштердин алкагында жекшембиде Ирактын тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери бир жолу берилчү 20 доллардык төлөмдөрүн алуу үчүн кезекке турушту. Министрликтин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, кызматкерлер, анын ичинде элчилер менен башка дипломаттар да, өз маяналарын акыркы жолу 16-мартта алышкан. Мекемеде котормочу болуп иштеген Лобна Мохаммед аттуу айым: “Биз маянабызды алабыз деп келсек, колдорубузга 20 доллардан карматышты. Бул албетте аз. Согуштан жаңы эле чыгып жатсак көп нерселерге муктажбыз”, - деп нааразылыгын билдирди.
Реконструкция жана гуманитрадык жардам боюнча кеңсенин кызматкери, мурунку дипломат Дэвид Данфорддун айтуусунда, айрым кызматкерлер үчүн 20 доллар болбогон эле тыйын. “Бирок бул төлөмдөр өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө жардам бермекчи. Качан элдер акча-каражат сарптай башташканда, экономика жанданат”, - дейт Дандорф. Аталган каражат Ирактын чет жерлердеги тоңдурулган банк эсептеринен алынууда.
Ишембиде болсо шийилердин диний ишмери, 64 жаштагы аятолла Мохаммед Бакер ал-Хаким 23 жылдык сүргүндөн Иракка кайтып келди. “Ирак ислам революциясынын” жогорку ассамблеясынын лидери Хакимди миңдеген шийилер көчөлөргө чыгып, тосуп алышты.
Мохаммад Хаснави аттуу жергиликтүү тургун: “Биз өзүбүздү унутулган адам катары сезе баштаганбыз. Бирок Хакимдин келиши кудайдын батасындай болду. Ал биздин имамыбыз”, - деп айтты.
Хакимдин саясий иштерге түздөн түз тартылышы күтүлбөйт. Бирок анын партиясы убактылуу өкмөт түзүүдө шийилердин негизги өкүлчүлүгү катары каралууда.