Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

ФЕЛИКС КУЛОВ: «АКАЕВ ТЫНЧ ТАТЫКТУУ ТҮРДӨ КЫЗМАТТЫ КАЛТЫРЫП, МЫНДАН АРЫ ТАТЫКТУУ ЖАШАШЫ КЕРЕК».


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыз коомчулугунда президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсү же бийлигин узартуу маселеси тууралуу кайчы пикирлер айтылып келет. Жакында эле «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов адвокат аркылуу «Азаттыкка» берген интервьюсунда Акаевди тынч татыктуу түрдө бийликтен кетип калса жакшы болот эле деген пикирин айтты. Ал эми Ошто өткөн форумунда жаш окумуштуулар А. Акаевден 2010-жылга чейин иштеп берүүнү өтүнүп кайрылуу кабыл алган.

Февралдагы референдум мамлекет башчысы өз мөөнөтүн аяктаганга чейин ыйгарым укугун аткара беришин бышыктап бергени менен, аны кызматтан кетирүү аракети токтогон жок. Ал эми анын айланасындагылар А. Акаевди 2010-жылга чейин, же дагы бир мөөнөткө президент болуусу үчүн кам көрө баштады. Байкоочулар 22-23-апрелде Ошто өткөн Жаш окумуштуулардын форуму Акүйдүн тымызын мүдөөсүн коомчулукка ачыктап бергенин айтышат. Ал кайрылууда:

… кийинки мөөнөтүңүзгө чейин татыктуу иштеп берүүңүздү жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өзөгүн түзүп, 2001-2010-жылга чейин турмушка ашуусу пландаштырылган КОР программасында белгиленген комплекстүү иш-аракеттердин үзгүлтүккө учурабай, ийгиликтүү соңуна чыгышы үчүн, андан кийинки мөөнөткө да элиңиздин эртеңкисине камкордук көргөн нукура патриот инсан катары Президенттик кызматта иштеп берүүңүздү өтүнөбүз» деген ой ачыкка чыккан эле.

Чындыгында айрым эксперттер КОР программасынын 2001-жылдан 2010-жылга чейин созулушунда сыр катылып жатканын мурдатан эле эскертип келишкен болчу. Анын үстүнө бул программа тууралуу мамлекет башчысы өзү да байма-бай айтып, коомдук пикирге кыртыш түзүп келгени маалым.

2010-жылга чейин Өнүгүүнүн комплекстүү негизи жана кедейчиликти кыскартуу боюнча Улуттук стратегия ич ара тыгыз байланышкан бул эки программа.

Бирок, бийликтин мындай аракети, жаш окумуштуулардын кайрылуусу коомчулуктан жапырт колдоо таба элек. Ошол эле кезде А. Акаевдин эртерээк бийликтен кетип калуусун айрым саясатчылар ачык эле айтып келишет. Алсак абакта жаткан Феликс Кулов Акаевди тынч татыктуу бийлигин калтырып кетсе жакшы болоор эле деген пикирди карманат.

Ал эми Акаев татыктуу түрдө кызматты калтырып кетип мындан ары татыктуу жашашы керек. Бирден-бир кичинекей өлкө башкаларга өрнөк болушу зарыл. Ошондо гана биздин келечегибиз болот.

Кулов айткан мындай пикирди оппозициячыл саясатчылар ар убак айтып келгени маалым. Ал тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаков мындай ойдо.

Президент өз арызы менен кетсе болот. Анын кетирген катачылыктарын, кемчиликтерин түшүндүрүүгө чоң аракет жасап жатабыз. Өз кемчиликтерин сезип, өз арызы менен кетсе менин оюмча Кыргызстанга дагы жакшы болот эле. Өзү дагы жакшы өрнөк калтырат эле. Кийинкибизге да жакшы болот эле да. Бирок эми тегерегиндегилер ошого жеткирбей жатса керек.

Ал эми президенттин кеңешчиси Болот Жанузаков ар дайым андай пикирди четке кагып, А. Акаев эч качан отставкага кетпешин эскертет.

Жаным күйгөндөн айтып жатам. Айтып койоюн жүз жолу Акаевди отставкага кетсин деп кыйкырганы менен кетпейт. Эл шайлаган муну. Ошол жердеги 300-400 киши эле шайлаган эмес. Эл шайлаган. Эл турат.

Мына ушундай кайчы пикирлер саясатчылар арасында өкүм сүрүп келүүдө. Ал эми талашка чекит коюучу карапайым калк өз добушуна өздөрү ээ болбой саясаттын кол баласына айланып, четте карайлап келгени жашыруун эмес.

XS
SM
MD
LG