Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛДЫ


Коңшу Кытай өлкөсүндө өнөгөсүз өпкө илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан 12-майдан баштап эки өлкө ортосундагы каттамдарды убактылуу токтотту. Буга байланышкан буйрукту премьер-министр Николай Танаев Саламаттык сактоо министрлигинин сунушуна ылайык чыгарды.

Буйрук тууралуу премьер-министр Николай Танаев 12-майда кечинде өткөн селектордук жыйында жарыялады. Буйруктун чегинде Кытай тараптын макулдугуна ылайык эки өлкөнүн жарандары өз мекендерине он күн аралыгында убактылуу кайтарылат. Туристтик же башка максатта жарандардын жана транспорт каражаттарынын каттамдарын токтотууну Тышкы иштер, Транспорт жана байланыш министрликтери, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет жана Чек ара кызматы ишке ашырышы керек. Транспорт каттамдарын токтотуш үчүн өкмөт Транспорт жана байланыш министрлигине үч күндүк мөөнөт берди. Буйрук Кыргызстанга кайтып келаткан жарандарга, жүктөргө таасир этпейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, эки өлкө ортосунда айына, орто эсеп менен, миңден ашык адам ары-бери каттап турат. Ал эми Транспорт жана байланыш министрлиги марттан бери каттамдардын аягы суюлуп калганын айтат. Бул, Кытай илдетине караганда, 21 адамды өлүмгө кирептер кылган Бишкек-Торугарт окуясына көбүрөөк байланыштуу.

- Жүк ташуучу транспорт каражаттары гана каттап атат азыр, - дейт министрликтин жооптуу кызматкери Эрнис Маматканов. - Аба аркылуу болсо бияк-тияктан бирден учак каттайт. Автобустар Бишкек-Торугарт окуясынан кийин Кытай тараптан да, бул жерден да жүрбөй калды.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, азыр Кытайдын аймагында Кыргызстандын канча жараны бар экендиги тууралуу так маалымат алыш кыйын. Анткени жарандар Кытайга, анын ичинде Шинжаң уйгур автономиялуу районуна ар кандай жолдор менен катташат. Бирок, илдет кеңири тараган Бээжин шаарынын аймагында иштеп, окуп жаткан дареги белгилүү жарандарга элчилик буга чейин Кыргызстанга кайтууну сунуштаган. Ага ылайык Бээжиндеги дипломаттардын үй-бүлөлөрү жана студенттердин айрым бөлүгү өткөн аптада кайтып келишкен. Калган бөлүгү бүгүн-эртең келет. Бирок, алардын ичинен эки студент окуу мөөнөтүнүн акыркы жылы калгандыгына байланыштуу өз каалоосу, ата-энелеринин макулдугу менен ошол жерде кала турууну ылайык көрүп жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Азат Эркебаев билдирди:

- Биздин элчиликте катталган 22 студент бар болчу, алардын жарымы азыр жолдо. Экөө болсо убактылуу ошол жакта калат. Анткени, алар быйыл акыркы курс болгондуктан, дипломдорун алып, биротоло келүүнү көздөп атышат. Студенттерге байланышкан бардык маселелер Кытайдын жогорку окуу жайлары менен макулдашылган.

Өкмөттүн буйругуна Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкерлерине байланышкан жобо киргизилген эмес. Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтуусу боюнча, дипломаттар жөнүндө маселе көтөрүлбөсө, алар өз орундарында ишин уланта беришет.

Өкмөттүн чечимине карата коомчулук арасында ар кыл пикирлер айтылууда. Кытайдан товар ташыган соодагерлердин арасында чек аранын убактылуу жабылышын колдогондор аз. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдимомунов болсо аргасыз жасалып жаткан мындай кадам Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян келтирет деген ойдо. Ушуга жакын көз караштагы премьер-министр Николай Танаев кантсе да экономикалык кызыкчылыктан адам өмүрү кымбат экендигин белгиледи. Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдын өнөгөсүз өпкө оорусунан жабыркагандар Кыргызстанда жок экенин дагы бир жолу кайталады. Бирок, кокустуктарды алдын алуу аракети көрүлүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы болсо бүгүн чек араны убактылуу жабуу тууралуу өкмөттүн буйругун аткарууга киришти. Өнөгөсүз өпкө оорусунун айынан чек арасын буга чейин кошуна өлкөлөрдүн ичинен Казакстан жапкан.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG