Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРДЫ САЯСИЙ ЖЕ ДИНИЙ УЮМДАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТЫРГАНГА ЭРТЕ


Бишкек шаарындагы «Оберон» соода борборунда жана Ош шаарындагы «Ош Ойл ЛТД» аттуу мунай саткан ишкананын имаратында болгон жардырууларды тигил же бул саясий же диний уюмдардын иши катары баалаганга эртелик кылат. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы шаршемби күнү ушундай билдирүү жасады. Кармалган шектүү жарандардын «Өзбекстан ислам кыймылына» таандык экендиги тууралуу акыркы күндөрү тараган маалымат ушундай билдирүүнүн жасалышын шарттады.

Ички иштер министрлигинин тергөө топтору «Оберондогу» жана Оштогу жарылуулардын акыркы жагдайларына байланыштуу кандайдыр-бир билдирүү жасоону эрте деп эсептейт. Журналисттерге 14-майда министрликтин маалымат кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов «Кабар» маалымат агенттигинде ушундай билдирүү жасады:

- Кармалган адамдар кайсы бир саясий агымдардын, саясий партиялардын мүчөсү экендиги жөнүндө маалыматтар айтылууда. Мен ошону тактоону ылайык көрдүм. Ал жөнүндө азыр эч кандай маалымат алына элек. Тергөө жүрүп жатат.

Бирок, министрликтин өкүлдөрүнө шилтеме берген маалымат каражаттары бул жардырууларга күнөөсү бар деп шек саналган адамдардын кармалгандыгы жана алардын «Өзбекстан ислам кыймылына» таандык экендиги тууралуу маалыматтарды акыркы эки күндө кеңири жазып чыгышкан. Мунун «Кыргызстанда диний экстремисттик уюмдар терракт жасашы ыктымал» экендиги тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти 7-майда тараткан билдирүү менен дал келиши, коомчулук арасында ар кыл жоромолдорду жаратты.

Маселен, маалымат каражаттарындагы билдирүүлөргө таянган Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун «Азаттык» радиосуна бир күн мурда мындай пикирин билдирген:

- «Өзбекстан ислам кыймылын» айыптаган мындай пикирге каршымын. Анткени, 1999-жылы биз алар менен согуштук. 2002-жылы АКШ согуш ачып, алар Ооганстанда талкаланды. Андан тышкары биздин чек ара азыр туюкталып жабылып турат. Биздин аскер адамдарыбыз, генералдар «эч кандай ислам кыймылынын өкүлдөрү биякка өткөн жок» деп айтып атышат. Өзбекстан менен Тажикстандын атайын кызматтары да «биздин аймакта ислам кыймылынын өкүлдөрү жок» деп атышат. Андай болгондо кайдан келип, алар «Оберондогу» базарды жардырышат?

Бирок, шаршембиде министрликтин маалымат кызматынын башчысы азырынча кылмыштын ислам кыймылынын мүчөлөрүнө таандык экендиги тууралуу божомолду бышыктоого да, жокко чыгарууга да мүмкүн эместигин белгиледи. Тергөө иштери азыр министрдин жана анын эки орун басарынын жетегинде уланууда. Алгачкы тыянакка караганда, Оштогу жана Бишкектеги жардыруунун байланышы бар.

- «Оштогу жана Бишкектин «Оберон» базарындагы жардыруулардын ортосунда байланыш бар, ошолорду бир киши жасады» деген божомол туура чыгып, ошол боюнча азыр алты киши кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат, - деди Жолдошбек Бусурманкулов.

Анын айтымында, териштирүү учурунда кармалган шектүү адамдардын экөөнү «Оберон» соода борборундагы буюм сактоочу жайдын кызматкерлери таанышты. Алар буюмдарды сактоочу жайга жардыргыч затты бир күн мурда калтырып, дароо Ош шаарына учуп кеткендиги тууралуу божомол бар. Аталган алты шектүү адамдан тышкары дагы бир аялдын үйүнөн тапанча үлгүсүндөгү курал табылды. Бирок, табылган куралдардын чоо-жайына байланыштуу милиция кандайдыр-бир расмий божомол айта элек. Ал эми аталган окуяларга байланыштуу көз карашын дүйшөмбү күнү Ош шаарында берген маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев мындайча билдирген:

- Банктын филиалында («Ош Ойл ЛТД» имаратында) болгон окуяны бүгүн биз терракт деп айта албайбыз. Ал эми «Дордойдо» («Оберон») болгон жардырууну жана милициянын аракети менен токтотулган дагы бир жардырууну терракт деп айтууга негиз бар.

Р.Раимбердиевдин айтымында, жардырууларга байланыштуу кылмыштын жаңы жагдайларын ачыктоодо Кыргызстандын тартип коргоо органдары Өзбекстандын Ички иштер министрлиги менен тыгыз иштешип, башка мамлекеттерден да керектүү маалыматтарды алып турушту. Азыр министрлик Интерпол менен кызматташууда. Бирок, шектүү деп кармалган адамдардын иштери, «Бишкек-Торугарт» жолундагы 21 адамды өлүмгө кирептер кылган окуя менен азырынча байланыштырыла элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG