Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:04

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ ШААРДЫК ЖАНА ОБЛУСТУК ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНА КОЛ САЛГАНДАР КАРМАЛУУДА


15-майда эртең менен Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнө жана облустук ички иштер башкармалыгына кол салган топтун 7 мүчөсү кармалды. Алардын акыркысы жана топтун жетекчиси болгон Адил Каримовду издөө улантылууда.

Бейшемби күнү эртең менен он чакты адам Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана облустук ички иштер башкармалыгынын кезметтеги куралдуу кызматкерлерин сабап, аларда сакталган 19 автоматты, 9 тапанчаны, 4 кыл мерген мылтыкты жана бир пулеметту алып кетишкен. Кол салгандардын алгачкы тобу, башкача айтканда 4 киши 15-майда күндүзгү саат 11 ченде Ташкөмүр шаарына жакын Кызылжар шаарчасында Ташкөмүр шаардык милициясынын күчү менен кармалган. Алар Сузак районунун тургундары, 26 жаштагы Эрлан Ботобаев, Султаналы Бегимкулов, 20 жаштагы Максат Култаев, 25 жаштагы Жекшен Абдрасулов болуп чыккан. Кармалгандардан 5 автомат, 4 тапанча жана октор алынган.

Андан кийин, 16-майда эртең менен Аксы районундагы Авлетим тоосуна жакын жерде үчөөсү - Сузак районунун тургундары, 25 жаштагы Жоомарт Орозалиев, Замирбек уулу Таалай жана Ноокен районунун 23 жаштагы тургуну Данияр Кыдыков кармалган. Алардан 14 автомат, 4 кыл мерген мылтык, 3 тапанча жана бир пулемет алынган. Бул топтун жетекчиси, жашы 40тарга чамалап калган, буга чейин үч жолу соттолгон мурдагы милиция кызматкери Адил Каримов кармала элек. Аны Аксы тоолорунда издөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов жума күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кол салуунун максаты мындай болгон:

- Кармалгандардын алдын-ала сурактагы айтуусуна караганда, милицияга кол салууга аларды Адил Каримов үндөгөн. «Кол салуудан кийин абакта отургандарды, алардын ичиндеги мага жакын кишилерди бошотуп, талап-тоноочулук менен бай болобуз. Керек болсо түштүктөгү, республикадагы абалды саясий жактан курчутабыз», - деп айткан Каримов.

Куралдуу топтун 15-майда кармалбаган бөлүгү, Бузурманкуловдун айтымында, Аксы районундагы Жергетал айыл өкмөтүнө келип, элди көтөрүүгө аракет кылган. Бирок жергиликтүү эл тарабынан колдоо таппаган соң, топ Каражыгач айылына бет алган. Ал айылга кире бериште милиция кызматкерлери тарабынан ок атылып, кылмышкерлердин «Жигули» автомашинасы аварияга учурап, өздөрү куралдарын таштап, качып кетишкен. Бирок кийинчерээк кармалган.

Жалалабад шаардык жана облустук милиция бөлүктөрүндөгү кезметтеги кызматкерлердин кол салуучулардан сактана албаганын Ж. Бузурманкулов мындайча түшүндүрдү:

- Милицияга бардык жарандардын кайрылуусуна мүмкүндүк бериш үчүн милициянын эшиги күнү-түнү ачык турат. Андан тышкары, Адил Каримов милиция кызматында мурда иштегендиктен, эртең менен милицияга келгенде аны таанып, ичине киргизишкен.

Жалалабаддагы окуяга жана куралдуу топтун Аксы районуна карай бет алышына байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров маалымат жыйынынын өткөрүп, мындай билдирүү жасады:

- Бул окуяга «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жана Аксы элинин эч кандай тиешеси жок. Биз мыйзамдын, эл аралык укуктардын негизинде күрөшүп келатабыз жана адилеттүүлүккө жетмейинче ал күрөштөн кайтпайбыз.

«Бул окуяга кандайдыр саясий боек берилип, кармалгандардын көрсөтмөсү менен оппозициялык саясатчыларга айып коюлушу да мүмкүн» деген божомолун да А. Бекназаров ушул маалымат жыйынында ортого салды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG