Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИН ОРУСИЯ ТААСИРҮҮ ӨЛКӨГӨ АЙЛАНАРЫНА ИШЕНЕТ


Муса Мураталиев, Москва 16-майда Орусия президенти Владимир Путин федералдык чогулуш алдында жылдык кайрылуусун жасады. Путин азыркы тушта мамлекет экономикалык жактан жарытылуу тирдене элегин, саясий система калыпка түшө албай жатканын, калктын саны азаюунун үстүндө экенин айтып, элдин жакырдануусу күчөп баратканын мойнуна алды. Ошого карабай Орусия алдыңкы таасирдүү өлкөгө айланат деп ишенет Владимир Путин.

Орусия жетекчисинин Федералдык Кеңеш алдында сүйлөгөн сөзү 66 мүнөткө созулду жана сыртынан караганда совет тушундагы компартиялык курултайды эске салат. Президент Путиндин кайрылуусунда: азыркы тушта Россия экономикалык жактан жарытылуу тирденбей жатканын, саясий система анча өнүкпөгөнүн, калктын саны азаюунун үстүндө экенин, массалуу түрдө жакырдануу күчөп баратканын айтып, бирок ошого карабай Орусия жакында дүйнөдөгү таасирдүү өлкөгө айланат деп белгиленди.

Эл каттоонун жыйынтыгында такталган 145 миллиондон ашуун калктын саны чындыгында 1996-жылга салыштырганда кескин азайган. Кийинки үч жыл ичинде өлкөдө өлүм-житим күчөп, ал 10 пайызга арбып кеткен жана азыр калктын саны, кайрылууда көрсөтүлгөндөй, четтен көчүп келип мигранттардын эсебинен көбөйүп жатат.

Путин андан ары миграциялык саясатка токтолуп, мыйзамдарга тезирээк толуктоолор киргизип, эң алды Москвага өзү качып келип аткан мурдагы «советтик граждандарды» кабыл алуу керек экенине көңүл бөлдү. Андан сырткары КМШ өлкөлөрүнүн азаматтарын армияга контракттык негизде алуу боло турганын жана алар кийин Орусия граждандыгына кабыл алынып, ошол бойдон бул жакта кылып калышса дурус болот деп белгиледи.

Президент Путин Орусия жаңы стратегиялык курал жасап болгондугун да айта өттү.

Орусия тышкы саясатта «КМШ мейкиндигин өз стратегиялык кызыкчылыгы деп эсептей тургандыгын» белгилеп, Москва эл аралык террорчулар жана бангизаттарды ташуучулар менен күрөшүүдө Биргелеш коопсуздук келишимине (БКК) кирген өлкөлөргө таянып иш жүргүзө тургандыгын айтты.
Арасында Кыргызстан да бар ошол уюм туурасында Путин мындай деди:

- БККдагы өнөктөштөрүбүз менен биз мурда Советтер Союзунун мейкиндиги болуп турган жердин дээрлик көпчүлүгүндө коопсуздгк орнотуп, анын ырааттуулугун камсыз кылышыбыз керек.

Жыйынга катышкандар пикири ар башка чыгууда. Маселен, коммунисттердин жетекчиси Геннадий Зюгановдун ою мындай:

- Экономикадагы кыйын кезеңден кантип чыгуу боюнча ал (Путин) эч кеп кылбады. Машина куруу тармагы кыйрап калды, электроника жана радио өнөр жайыбүлүнүп бүттү. Автомобил куруу тыйпыл болгон кез. База болуучу тармактарды кантип жакшыртуу туурасында эч нерсе дебеди. Авиация менен космостун абалы андан да начар.

Орусияда кезектеги Конституцияда жазылган актынын бир саамы 16 майда ушундайча өттү. Анын канчалык денгээлде журт кызыкчылыгы менен шайкеш болгондугу бир жыл өткөндөн кийин маалым болот.

XS
SM
MD
LG