Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

БААС ПАРТИЯСЫНА ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Ирактагы убактылуу администрация кезектеги декретин угузду. Жарлыкка ылайык, мурдагы Баас партиясынын мүчөлөрү мамлекеттик жана өкмөттүк кызматтардан алынат, мындан ары бийлик структураларында иштөө укугунан ажыратылат. Ирак интеллектуалдары мындай кадамды сынга алып, убактылуу америкалык администрация кадр саясатында кайра эле Саддамдын жолуна түштү деп эсептешет. Буга катарлаш шийиттердин диний лидери исламдын адеп-ахлак нормаларын бузуп жаткандарга каршы катаал чаралар көрүлө тургандыгын эскертти.

Ирактагы убактылуу администрациянын башчысы Пол Бремер кол койгон декретке ылайык, Баас партиясынын бийлик структураларында калган бардык мүчөлөрү кызматтан бошотулат жана мындан ары алар мамлекеттик сектордо иштөө укугунан ажыратылат. Администрациянын жогорку даражалуу кызматкери бул жарлыкты Баас партиясынын “жүрөгүнө сайылган бычак” болду деп баалады. Коалициянын өкүлдөрү Саддам Хусейндин мурдагы партиялаштарын бийликке эгерим келе алгыс абалга коюп, саясий чөйрөнү алардан биротоло тазалап салгысы келишет. Бремердин администрациясы баасчыларга кала берсе диссиденттик кыймыл катары кайра уюшканга да уруксат бербей тургандыгын эскертти. Иракты баасизмден арылтуу кампаниясы ишемби күндөн тартып ырасмий түрдө башталды. Кампаниянын башкы максаты, администрациянын өкүлү түшүндүргөндөй, баас партиясынын карапайым мүчөлөрү менен Саддамдын айныбас санаалаштарын жиктеп, ажыратып чыгууда турат.

Ирак диктаторунун тушунда Баастын партиялык отряды 700 миңдей кишиге жеткен. Бирок оккупациялык режимдин тазалоо операциясына алардын 15-30 миңдейи туш келет. Саддам бийликтен кулатылгандан кийин 2 миңдей баасчылар өкмөттүк органдарда кызматын сактап калышкан. Алар көпчүлүк министрликтердеги, шаардык башкаруу структураларындагы чиновниктер корпусун түзөт. Эми алардын ар бири кыйкымчыл сынак-сопкуттарга алынат, өткөндөгү иштери кылдат териштирилет. Мынчалык сандагы чиновниктерди бир мезгилде жумуштан бошотуп салганда мамлекеттик мекемелердин иши дээрлик токтоп каларын администрация мүчөсү моюнга алды, бирок баасизмди ирак коомунда экинчи ирет өнүп чыккыстай кылып тамырын соолутуу үчүн коалиция ушундай кун төлөгөнгө да кайыл экендигин ырастады.

Бир катар ирак интеллектуалдары администрациянын мындай планын сынга алышты. Бул кампаниянын натыйжасында жаңы кызмат орундары америкалыктарга лоялдуу караган чиновниктер менен толукталат. Мындай ыкманын болсо Саддамдын кадр саясатынан анча деле айрымасы болбойт дешет.

Америкалык администрация менен дээрлик бир убакта шийиттердин диний адыйы Мохаммад Фартусси өзүнүн батубасын жарыялады. Жума намазга чогулган диндарларга кезектеги ибаарат сөз менен кайрылып, ал аягы суюк аялдарды, менчик кинотеатр кармагандарды, арак шарап, телевизор жана радио саткандарды исламдын адеп-ахлак эрежелерин этибар албаган ээнбаштык иштерин бир аптанын ичинде токтотушпаса, аларга өтө катаал чаралар көрүлө тургандыгын эскертти. Америкалык солдаттарга денесин саткан сойкуларды өлтүргөнгө шариат мыйзамдары жол берет, деп айтты ал. Мындан тышкары “бузуку” фильмдерди көрсөткөн кинотеатрларды талкалап таштаганга да Фартусси диндарларга санкция берди. Фартуссини апрелде америкалыктар үч күнгө камап салышкан эле. Аны бошотууну талап кылып, Багдаддын көчөлөрүнө миңдеген мусулман шийиттер демонстрацияга чыгышкан. Ирак интеллектуалдары Баас партиясынан соң өлкөнүн саясий сахнасына эми ислам радикалдары чыгышы ыктымал дешет.

Багдад коопсуздук планында дале коогалаңдуу экенин администрация башчысы Бремер өзү да моюнга алды. Өткөн дүйшөмбүдө Багдадга келгенден бери шаарды күн сайын кыдырып жатам, деп айтты ал. Көп жерде дүкөндөр иштеп,калк күнүмдүк тиричилик менен алыша баштады. Бирок мыйзамдуулук жана тартип жагынан али көп маселе бар, бул чөйрөнү астейдил колго алуу керек, деп билдирди Бремер.

Соңку кабарларга ылайык, Нью-Йорк полициясынын мурдагы жетекчиси Бернард Керик Ирактын ички иштер министрлигине жогорку даражалуу кеңешчи болуп дайындалды. Ал эмдиги аптага Багдадга келет. Пентагондун билдирүүсүндө Керик Иракта коомдук тартипти жөнгө салат, коопсуздукту, стабилдүүлүктү жана мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын камсыз кылат деп айтылат.

XS
SM
MD
LG