БИШКЕК. Алабука районунун прокуратурасы кыргыз жеринде Кыргызстандын милиция кызматкерлерине ок аткандыгы үчүн Өзбекстандын чек арачыларына каршы кылмыш ишин козгоду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, 13үнөн 14-майга оогон түнү Софедбулан айылынан жер семирткич ташып келаткан Кыргызстандын жараны А. Матхаликовдон Өзбекстандын Касансай чек ара бекетинин башчысынын орун басары У. Парманов менен ушул эле бекеттин күзөтчүсү А. Абдыхашимов «жер семирткичти уурдап келатасың» деп, 1500 АКШ долларын талап кылышкан. Окуя болуп жаткан жерге Алабука ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бекболот Бекбоев башында турган топ келип, өзбекстандык эки чек арачыны кармашкан. Үчүнчүсү болсо Өзбекстандын аймагына кайтып кетип баратып, кыргызстандык милиционерлер тарапка ок аткан, бирок андан эч ким жапа чеккен эмес. Эки өзбек чек арачысы азыр Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын биринде кармалып турат.