Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:43

САЯСАТ ЖАНА КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ


Милициянын башкы милдети - кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Бирок кыргыз милициясы өзүнүн түз милдетин аткаруудан көрө, бийликтин саясий оппоненттерине каршы күрөшүүгө көбүрөөк тартылууда. Бул өз кезегинде милициянын түз милдетин аткаруусунан аксатып, андан тышкары мамлекеттин демократиялык аброюна сокку урууда.

Былтыр 17-майда Аксыда куралсыз элди аткандан кийин милициянын аброюна бир топ доо кеткен эле. Анда бир топ саясатчылар жана эксперттер милиция саясаттын курмандыгына айланганын айтышкан. Быйыл болсо 15-майда Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер кызматтары кылмышкерлер тарабынан каракталып, ондогон автомат, тапанча, пулеметуна чейин тонолушу милициянын кадырын жеңил айтканда ого бетер түшүрдү. Бул окуяга да саясаттын кыйыр таасири бар экендиги айтылууда. Маселен, 14-майда Майлысууда Аксы окуясы боюнча сот башталгандыктан, ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев баш болгон күчтѳр, аны менен кошо албетте, Жалалабад милициясынын бир топ кызматкерлери Майлысууга коомдук тартипти камсыз кылууга тартылган. Дал ушул учурда кылмышкерлер бөлүмдөргө кол салып, милициянын курал-жарагын тоноп кетип отурат. Бул окуялардын соңунан кийин «милициянын күчү куралсыз өз элине, кемпирлерге, саясий талаптарды койгон пикетчилерге гана жетет» деген дооматтар катуураак айтыла баштады. Мунун мындай экендиги 16-майда Бишкекте дагы бир ирет далилденгендей болду. Бул жолу да кылмыштуулукка каршы күрөшүү сыяктуу түз милдетин аткаруудан башка ишке тартылган жүздөгөн милиция кызматкерлери балдары, жакын туугандары Аксы окуясында курман болгон энелерди, аялдарды зордук-зомбулук менен автомашинага салып кетишти. Арыз айтууга келген энелер Ѳкмѳт Үйүнүн алдына жете электе, кадимки көчөдө бараткан кезде эле түлкү баскан бөдөнөдөй кармалды. Мындай мамилеге энелер чыдабай, ачкачылык акциясын башташты. Бирок алардын арыз-муңун эч ким укпайт. Аларды былтыр ноябрь айындагыдай жерине жеткирүү гана күтүп турганы айкын иш.

Бул окуялардан кийин «милициянын күчү өз элине гана жетип калды» деген билдирүүсүн «Арнамыс» партиясы жарыялады. Партиянын штаб башчысы Эмил Алиевдин пикири боюнча, «милицияны бийлик акыркы убакта өзүнүн элине каршы иштетип, саясий көз карашы башка адамдардын артынан аңдытып эле калды. Муну менен милициянын аброю, кесиптик чебердиги да кетип калды». Ал эми президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков Жалалабаддагы окуяны оор кылмыш катары баалап, ага баргандар катаал жаза алаарын билдирди. Ал эми милициянын дарегине айтылган дооматтарга карата «ар ким ар кандай ойду айта берет, анын баарына баа бериштин кажети жок» деген пикирин айтты.

Аксы трагедиясынан кийин президент Аскар Акаев милиция органдарын реформалоо боюнча башында Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов турган комиссия түзгөн. Бирок комиссиянын бир жылдан бери эмне иш аткарганы белгисиз. Бийлик өкүлдөрү реформа бир жылда, же бир айда эле боло койбостугун айтып, иш жүрүп жатканын гана билдирүү менен чектелүүдѳ. Маселен, Болот Жанузаков «реформа бир күндө же бир айда бүтпөйт, ал өтө иликтенип жасалат» деген пикирин билдирди. Милициянын ушундай шартта кала бериши бул органдын анча таза эмес саясаттын оюнчугуна айланышын ого бетер арттырууда. Мындай абал канчкыга чейин созулат? Милиция качанкыга чейин кылмыштуулуктун бетин ачуунун ордуна бийликтин саясий оппоненттерин аңдып жүрөт? Бул белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG