Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

МАРОККОДОГУ ТЕРРАКТ


Жума күнү кечинде Марокконун Касабланка шаарында 5 жардыруу болду. Расмий Рабаттын маалыматтары боюнча, террордук кыянаттыктан 41 адам каза таап, жүздөн ашууну жараат алды. Айрым байкоочулардын болжолунда, соңку террордук аракеттер апта башында Сауд Арабиянын баш калаасында болгон үч жарылуудай эле эл аралык террористтер тарабынан уюштурулган. Президент Жорж Буш кылмышкерлерди издөө үчүн Марокко жетекчилигине АКШнын жардамын сунуш этти.

Касабланка – Марокконун экономикалык борбору болуп саналат. Бул шаарда чет жерлерден келген туристтер гана эмес туруктуу жашап, иштеп жаткан чет элдиктер арбын. Соңку терракттардын бардыгы тең дал ошол чет мамлекеттиктер топтолгон жерлерде уюштурулду. Жардыргыч затка толтурулган үч автомашина Бельгиянын консулдугунун имараты, “Фарах-Магреб” деген мейманкана жана жөөтөрдүн маданий борбору алдында жардырылды. Дагы бир же эки бомба жанкечтилер тарабынан Каза Эспаньа –Испаниянын маданий борборунун ичине коюлган. Марокконун расмий өкүлдөрү билдиргендей, окуялар маалында 13 жанкечти мерт болду. Дагы үчөө полиция тарабынан кармалды. Алардын бардыгы марокколук экени кабарланууда.

Шаардын борборунан 200 метрдей алыстыкта жайгашкан Испаниялык клубдагы ресторандан 18 кишинин жасаты табылды. Бомбалар жарылган убакытта ал жерде жүздөй адам тамактанып отурган. Борбордун катчысы Лумина Хаффа Испаниянын сыналгысына берген интервьюсунда, жанкечтилер эшикти кайтарган кызматчыны мууздап, имаратка кирип, бомбаларын жардырганын айтты. “Жарылудан кийин ызы-чуу түшкөн, жерде жаткан элди көрдүм”, - деди клубдун директору Рафаэль Бермодес, журналисттерге берген интервьюсунда.
“Фарах” калаадагы эң чоң эл аралык отелдердин бири болуп саналат. Мейманкананын директору Халид Бухаринин ырастоосунда, жанкечтилер алардын жолун тороого аракеттенген 2 коопсуздук кызматкерин атып өлтүрүп, бомбаларын жардырган.

Дагы бир жарылуу Бельгиянын консулдугуна жакын жерде болду. Айрымдар террористтер консулдуктун имаратынын жанында жайгашкан жөөттөргө таандык ресторанды бутага алышкан деген ойдо.
“Террористтер алардын курмандыктары саясатка аралашпаган, жөнөкөй эл болуп жатканын түшүнөбү экен?”, - деп кейийт Мохаммед аттуу бармен. “Арабдар арабдарды өлтүрүп атат, мындай аракеттер айыптоого гана арзыйт. Ислам буга каршы”, - деп улантат Мохаммед. Айта кетчү нерсе, курман болгондордун көбү – марокколуктар. Мисалы, Мадриддин ырастоосунда, испаниялык ресторандагы жарылуудан өлгөндөрдүн арасынан экөө эле Испаниянын жараны болуп чыкты.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин жетекчилери соңку окуяларга байланыштуу Марокко падышалыгынын бийлигине көңүл айтуу менен бирге терроризмдин жайлып баратышына терең тынчсыздануусун билдиришти. Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш ишемби күнү апталык радиокайрылуусунда :

- Биздин өкмөт өлкөбүздү коргоо үчүн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүүдө. Пакистандан Филиппин менен Африкага чейин “Ал-Каиданын” желдеттерин издеп жатабыз. Азыркыга чейин “Ал Каиданын” негизги жетекчилеринин дээрлик жарымы кармалып, же жок кылынган. Алардын бардыгы соттолмоюнча, биз террорчулардын артынан сая түшө беребиз.

АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл болсо ошол эле күнү Марокконун тышкы иштер министри Мохамед Бенайса менен телефон аркылуу байланышып, террактар үчүн жоопкерлерди издөө иштеринде жардам көрсөтүүнү сунуш кылды. Араб Лигасы Касабланка менен Эр-Риядда бир эле кылмышкерлер аракеттенген болушу ыктымал деп билдирди. Апта башында Сауд Арабиянынын баш калаасындагы жарылуулардан 34 адам курман болгон эле.

Марокко Иордания, Нигерия, Пакистан, Сауд Арабия жана Йемен менен катар “Ал Каиданын” ана башы Усама бин Ладен тарабынан мусулман дүйнөсүнүн “чыккынчылары” деп аталган. Мындан тышкары акыркы апталарда Мароккодо радикалдуу ислам топторунун мүчөлөрү кармалып, эл аралык терроризмге тиешеси бар деп шектелгендер жөнүндө маалыматтары үчүн Рабат Вашингтондун алкышына арзыган эле. Февралда саудиялык үч жаран Ал Каиданын мүчөлөрү катары Мароккононун туристтик жайларында жана Гибраалтарда терракт уюштурууга аракеттенди деп айыпталып, 10 жылга түрмөгө кесилген. Алты марокколук болсо түрдүү жазага тартылган. Байкоочулар аталган факторлор соңку террордук акцияларга себеп болушу мүмкүн деп айтышууда.

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад болсо АКШнын Ирактагы согушу жан кечтилердин соңку чабуулдарына алып келди деген пикирин билдирди. “Башка бир өлкөлөрдү басмырлоо аркылуу терроризм менен күрөшүүнүн арты олуттуу кесепттерге алып келээрин эскерткен элек”, - деген Махатхирдин сөзүн келтирет Бернама кабар агенствосу.

Ишембиде Марокконун борбор шаары Рабатта жүздөгөн элдин катышуусу менен антитеррордук митинг болуп өттү. Демонстранттар “Терроризмге – жол жок, демократияга – кең жол” деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

XS
SM
MD
LG