Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ ТЕРРОРДОН АРЫЛА АЛБАЙ ЖАТАТ


Жакынкы Чыгышта акыркы үч күндүн ичинде беш теракт жасалды. Соңку жардыруулардан улам жөөт өкмөтү палестиндердин Израилге кирип-чыгуусуна тыюу салып, Йордандын Батыш жээги менен Газа секторундагы чек араларды толугу менен жапты. Жөөт өкмөтүнүн чечимине ылайык, алар эми палестин лидери Ясир Арафат менен жолуккан чет элдик дипломаттар менен саясатчыларды да кабыл албайт. Израил менен Палестинанын акыркы эки жарым жылдан ашуун мезгилден берки жогорку деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүүлөрүн улай жасалган террордук чабуулдардан кийин жөөт өкмөт башчысы АКШга белгиленген иш сапарын да токтоткон эле.

Израилдин түндүгүндөгү Афула шаарынын соода борборунда жасалган жардыруу акыркы үч күн ичиндеги теракттардын бешинчиси болду. Израил бийликтеринин маалыматына караганда, жанкечти аял өзүн жардырып жибергенде үч адам өлүп, 40тай киши жаракат алган. Бул теракт үчүн палестиндердин "Исламчыл жихад" деп аталган уюму жоопкер болду. Ал эми жанкечтилердин мунун алдындагы төрт жолку жардыруулары үчүн жоопкерчиликти "Хамас" уюму өзүнө алган. Алардан 9 жөөт жараны каза таап, бир канчасы жарадар болгон эле.

Жөөт - палестин чатагын жөнгө салууга багытталган дипломатиялык аракеттердин террордук актылар менен коштолуусу – акыркы үч жылга жакын убакыттан бери адатка айланган көрүнүш. Андыктан, британдык "Таймс" гезити белгилегендей, жөөт жана палестин өкмөт башчылары Ариэль Шарон менен Махмуд Аббастын алгачкы расмий кездешүүсүнө да террордук чабуулдардын көлөкө түшүргөнү таң калыштуу эмес. Эми "Жол картасы" деп аталган тынчтык планды ишке ашыруу маселеси күн тартибинде турган кезде жасалган жардыруулардын тынчтык жараянын баштоого тийгизчи кесепети канчага созуларын, дегеле пландын тагдыры эмне болорун мезгил көргөзөт.

Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас алгачкы кездешүүсүндө "Жол картасы" деп аталган тынчтык планы боюнча пикир алышып, аны аткаруу маселесин талкуулашкан эле. Сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир олутуу деле жыйынтык болгон эмес. Баяндамачылар жолугушуунун өткөнү анын жыйынтыгы экенин белгилешүүдө. Анда жөөт өкмөт башчысы "Жол картасы" планын азыркы түрүндө кабылдай албасын билдирген. Тараптар сүйлөшүүлөрдү Израилдин премьер-министри АКШга иш сапары менен барып келгенден кийин улантуу жөнүндөгү макулдашуу менен гана тарашты.Бирок А.Шарон соңку террордук чабуулдарга байланыштуу Вашингтонго белгиленген сапарын токтотту.

Визиттин жаңы мөөнөттөрү азырынча атала элек. Жөөт өкмөт башчысы АКШнын президенти Жорж Буш менен "Жол картасы" планына байланышкан маселелерди талкууламак.

Маалыматтарга караганда, Израил тарап палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббастан тынчтык жараянын баштоо үчүн адегенде террорчулардын аракетин тыюуну талап кылууда. Ал эми палестин өкмөтү, Израил "Жол картасы" планын толугу менен кабыл алып, өз милдеттемелерин орундатууга палестиндер менен бир эле учурда киришпесе тынчтык жараянын баштоо мүмкүн эмес деп эсептейт.

Израил кайра эле жанкечтилердин артында турганы үчүн палестин лидери Ясир Арафатты айыптады жана ага кысым көргөзүүнү күчөтүүдө. Соңку жардыруулардан кийин жөөт өкмөтү Я.Арафатты Палестинадан кетирүү маселесин да талкулап, бирок мындай чараны ылайыксыз деп тапкан. Анткени менен эми Израил өкмөтү Ясир Арафат менен жолуккан чет элдик дипломаттарды жана саясатчыларды өзүндө кабыл албайт. Израил радиосунун билдиргенине караганда,бул эреже Я.Арафат менен кездешүүнү мурда белгилеп койгон чет элдик беш дипломатка гана жайылтылбайт. Алардын арасында француз тышкы иштер министри Доминик де Вильпен да бар. Я.Арафат өзү дүйшөмбү күнү Рамаллада кабарчылар менен кездешкен учурунда мындай деди:

- Мен бул террордук аракеттерди толугу менен айыптайм. Бирок сиздер Израилдин расмий адамдары мага каршы пропаганданын көбүрөөк берилишин гана көздөп жатканын эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек.

Жөөт өкмөтү акыркы жардырууларга байланыштуу палестиндердин Израилге кирип-чыгуусуна тыюу салып, Йордандын Батыш жээги жана Газа сектору менен болгон чек араларды да толугу менен жапты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG