Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ ОКУЯГА БАЙЛАНЫШТУУ БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРГЕ ЖАНА ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек http://gdb.rferl.org/9036CD2D-B58A-405C-909C-7D54DB4CB159_w203.jpg Бүгүн, Ички иштер министрлигинин коллегиясынын отурумунда, 15-майда Жалалабадда болгон окуяга себеп болгон мүчүлүштүктөр менен кемчиликтер талкууланды. Ушул эле күнү бул маселе өкмөттө да каралды.

15-майда Ички иштер министрлигинин Жалалабад шаардык бөлүмүнө жана Жалалабад облустук башкармалыгына 8 киши кол салып, бир канча курал-жарак алып кетишкен. Алардын ичинен 7 киши буга чейин кармалган. Ал эми топтун башчысы азыр изделүүдө.

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын шейшембиде болгон отурумунда Жалалабад облусундагы окуянын себептери аныкталды. Анда белгиленгендей, бул окуяга облустун ички иштер башкармалыгындагы жана шаардык ички иштер бөлүмүндөгү кемчиликтер себеп болгон. Алардын катарында милиция кызматкерлеринин ишине көзөмөлдүн жетишсиздиги, ички иштер бөлүмдөрүндөгү материалдык-техникалык базанын талапка жооп бербегендиги жана милиция кызматкерлеринин тийиштүү профессионалдык даярдыгынын жоктугу башкы себептер катары аталды.

Коллегиянын катышуучулары “кылмыш тобунун иш-аракеттери Аксыдагы окуяларга байланышы жок” деген бүтүмгө келишти. Бул жөнүндө министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди.

- Адыл Каримов баштаган топтун жасаган иш-аракеттери Аксыдагы окуяларга же андагы кырдаалга эч кандай байланышы жок, - деди Ж. Бузурманкулов. - Анткени, Адыл Каримов мурда издөөдө жүргөн. Аны менен кошо жүргөн кылмышкерлердин баары кармалып, өзү жалгыз калгандан кийин, башын куткарыш үчүн мына ушул жолго барган дегенге келип жатабыз. Ошондуктан Каримовдун кылмышын саясий себептерге байланыштыруунун кажети жок.

Жыйында айтылгандай, 1963-жылы туулган Адыл Каримов буга чейин үч жолу соттолгон, мурда ички иштер органдарында иштеген жана 1989-жылы жумуштан бошотулган. Ал былтыртан бери издөөдө жүргөндүгүнө карабастан, Жалалабад облусунун ички иштер башкармалыгы бул ишке кайдыгер мамиле жасаган.

- Каримовдон 2002-жылы да тапанча менен граната алынган, - деди бул боюнча Ж. Бузурманкулов. - Ошондон бери ал издөөдө жүргөн. Аксыда болуп жаткан окуядан өзүнө пайда алыш үчүн, курал алып, аны Аксыга алып барып, Аксыдагы эки айыл өкмөтүнө кирип, «элди көтөрсөңөр таратып беребиз» деген. Бирок, аксылыктар Каримовдун тилине кирбей, «биз, Аксынын эли, өзүбүздүн өлкөгө ок ата турган эл эмеспиз, маселебизди куралсыз эле чечебиз» деп, кууп чыгышкан. Бул жагынан да Каримов Аксыдагы окуяга жамынып, өзүнүн арам иштерин андан ары улантууга, эркиндикте калып калууга далалаттанган деп түшүнүш керек.

Жалалабаддагы окуяга байланыштуу Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечимине ылайык, министрдин орун басарлары Суранчиев менен Раимбердиевдин жоопкерчилиги алардын чет өлкөдөгү командировкасы аяктагандан кийин каралмак болду. Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысына жана анын бардык орун басарларына «кызмат ордуна ылайык келбейт» деген эскертүү берилди. Ал эми Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин баары ээлеген кызматтарынан бошотулду. 15-май күнү облустун ички иштер башкармалыгы боюнча кезмет бөлүмдөрүнө жооптуу болгон жетекчи-кызматкерлер да жумуштан бошотулду. Коллегияда ошону менен бирге мындай көрүнүштөргө келечекте жол бербеш үчүн бир топ иш-чараларды жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ушул эле күнү өкмөттө да Жалалабадда болгон окуяга байланыштуу маселе каралды. Өкмөт жыйынында вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго жана ички иштер министри Бакирдин Субанбековго сөгүш жарыяланды.

XS
SM
MD
LG