Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

ЖАЛАЛАБАД ОКУЯСЫ КӨП ТҮКШҮМӨЛ ОЙЛОРДУ ЖАРАТУУДА


Шаршембиде премьер-министр Николай Танаев бир күн мурда өткөн өкмөттүн чукул жыйыны тууралуу журналисттерге маалымат берди. Жыйында тартип коргоо тармагындагы жагдай талкууланган. Чукул чаралардын көрүлүшүнө Жалалабад облустук жана шаардык ички иштер кызматтарында болгон курал-жарак тоноо фактысы себеп болду. Бул окуянын айланасында коомчулукта ар кыл божомолдор айтылууда.

Жалалабад облустук жана шаардык ички иштер кызматынан курал-жарак тоногондугу үчүн шектелген 8 адамдын бирөө азыр кармала элек. Мурдагы ички иштер кызматкери, Жалалабад окуясынын анабашы катары шектелген бул адам менен кошо 8 мылтык, 2 автомат, 5 тапанча жана кылмерген 1 мылтык дайынсыз. Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, аны издөө иштери жүрүп жатат, бирок азырынча шектүү адамдын кайда экени белгисиз.

- Биз Каримовдун кайда жүргөнүн билбейбиз. “Же атынып өлгөн, же жашынып жатат” деген өңдүү текшерилбеген божомолдорду айтышууда. Издөө жүрүп жатат, - дейт премьер-министр.

Азыр Жалалабад окуясы боюнча издөө иштерин Ички иштер министрлиги жүргүзүүдө. Бирок, буга чейинки болгон чуулгандуу «Оберон», «Бишкек-Торугарт» окуялары сыяктуу эле акыркы кылмыш боюнча деле толук тыянак жок. Мындай жагдай ар кандай божомолдордун жаралышын шарттоодо. Расмий бийлик, маселен, «тартип коргоо тармагынын шалаакылыгы ушундай окуянын чыгышын шарттады» деген бүтүм чыгарды. Бирок эл ичинде бул окуяга саясий боек сүрткөн божомолдор аз эмес. Мындай көз караштардын бар экендигин премьер-министр Николай Танаев да жокко чыгарган жок.

- Ар кыл пикирлер айтылууда. Айрым белгилүү инсандардын «бул окуяны бийлик жасаган же милиция кызматкерлеринин үстүнөн болуп жаткан сотту алаксытыш үчүн атайын жасалган» деген билдирүүлөрү басылууда, - деди өкмөт башчысы.

Анткени Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аксы шайлоо округу боюнча депутаты Азимбек Бекназаров окуя тууралуу дароо өзүнүн үч божомолун мынчайча жарыялаган:

- Менин оюмча үч версия бар. Биринчиси, бийлик атайын Аксынын элин аралаштырып, провокация жасап, «айтпадык беле, булар ушундай» деп коомдук пикир жаратып атат. Экинчиси, бул бийлик үчүн ордо ичиндеги күрөш. Субанбековду алып түшүп, ордуна башка бирөөнү коюш керек. Үчүнчүсү, мүмкүн чынында эле биздин расмий бийликтин «Оберондогу» жардырууга байланыштуу исламдык кыймылдарга негизсиз күнөө тагып жатышынан улам «Өзбекстан ислам кыймылы» да уюштурушу мүмкүн.

Бирок, «Атамекен» партиясынын башчысы, депутат Өмүрбек Текебаев бул ишке саясий боек сүртүүнүн кажети жоктугун айтат:

- Саясий негизи жок дегеним - мунун артында партиялар, депутаттар, министрлик же өкмөт өңдүү саясий күчтөр жок деп ойлойм.

Жалалабад окуясы мурдагы кырсыктарга салыштырмалуу ички иштер кызматынын аброюна өзгөчө доо кетирген көрүнүш катары катталды. Айрым байкоочулар мындай көз караштарын өкмөттүн биринчи вице-премьер-министр баш болгон жоон топ жетекчилерге карата административдик чара көрүшү менен да байланыштырышат.

- Саясий мотиви болбогон күндө да, анын натыйжасы саясий мааниге ээ, - дейт бул туурасында депутат Текебаев. - Бул окуя коопсуздук системасы, анын ичинде күч органдары бечел, алсыз экендигин көргөздү. Эгер Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туулса, алар туруштук бере албастыгын, бекитилген функциясын аткара албасын көргөздү. Бул биринчи кезекте ички иштер тармагынын катуу коррупциялангандыгын көрсөттү.

Айрым расмий бийлик өкүлдөрү болсо акыркы окуяларды кылмышкерлердин бийликке жана коомчулукка каршы жарыялаган согушу катары баалашып, өкмөттүн башкы максаты - алардын мизин кайтаруу экендигин белгилешүүдө. Бирок, кылмыштуулукка каршы күрөштүн кандай жаңы багыттары иштелип жаткандыгы тууралуу маалыматтар ачыктала элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG