- Аскерлер бири-бирин гана эмес, командирлер катардагы аскерди сабап койгон учурлар арбын. Мындай жат көрүнүштөрдү жоготуш керек. Мурда тоталитардык коомдо мындай окуялар жабык бойдон калчу. Азыр эми укуктук коомдо ачык айтып, ачык күрөшчү мезгил келген. Бул мыйзам кабыл алынса алдыга ташталган кадам болот, - дейт аскер прокурору.
Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев «кыргыз армиясынын канына сиңген мындай көрүнүштү бир мыйзам менен тамырын кыркуу мүмкүн эмес, бирок бул аскердеги ошондой эски адаттарды коомчулукта ачык талкуулап, санын азайтууга мүмкүнчүлүк берет» деген оюн айтты.
Парламенттик угууга келген күч органдарынын өкүлдөрү «мурдатан эле өлкөнүн Башмыйзамында, ошону менен катар «Коргонуу жөнүндөгү», «Аскердик абал жөнүндөгү» мыйзамдарда көрсөтүлгөн нормалар жазылгандыктан, бул мыйзам жаңылык эмес» деген кыязда сүйлөштү. Коргоо министри Эсен Топоев: «Укуктук жактан толтурулчу боштук жок, өлкөдөгү экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдөн улам чыгып аткан маселелерди чечүү кажет», - деп билдирди. Генералдын айтымында, аскердик бөлүккө кирүүнү, маалымат алууну каалаган журналисттерге же «Аскерлердин энелеринин комитети» өңдүү коомдук уюмдарга дайыма эшик ачык. Ал эми Улуттук Гвардиянын колбашчысы генерал Абдыгул Чотбаев «депутаттар бул мыйзамды башка өңүткө бурса болмок» дейт. Генералдын оюнда, азыр финансы министрлиги өңдүү мекемелерге карата аскердик көзөмөл туурасында мыйзам зарыл болуп турат.
- Финансы министрлиги былтыр Улуттук Гвардияга мыйзамда көрсөтүлгөн 3 миллион сомду бербей койду. Быйыл да каражатты араң-араң бөлүп атат. Азык-түлүк үчүн карыздарыбыз арбып барат. Мисалы, үч күндөн бери аскерлер канты жок чай, сууга бышырылган майы жок ботко менен күн көрүшүүдө. Ал эми эт дегенди унутканыбыз качан? Эсеби жок текшерүүнү арбыткандан көрө депутаттар мына ушундай көрүнүштү болтурбоого аракет кылса не? - дейт генерал Чотбаев.
Аскер мекемелеринин жетекчилери азыр аларды текшерип, көзөмөл кылып аткандар ансыз да жетиштүү экенин айтышты. Куралдуу күчтөрдүн ишине президенттик администрациянын, өкмөттүн тиешелүү бөлүмдөрү, Эсеп палатасы, парламенттин комитеттери көзөмөлдүк кылууга укуктуу. Буларды чогуулап санап берген эки генерал «кыргыз армиясынан кынтык издегенден көрө аны өнүктүрүү жаатында изденүү зарыл» деген ойду кыйытышты. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев генералдар санаган мекемелердин баары мамлекеттик органдар экендигин ырастап, бирок бул жолу коомдук уюмдар жана жарандар тарабынан болчу көзөмөл туурасында сөз болуп атканын белгиледи.