Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

САУД АРАБИЯДА САЯСИЙ ТАЙМАШ КҮЧ АЛУУДА


Ушул айда Сауд Арабияда орун алган террордук чабуул бул өлкөнүн Кошмо Штаттары менен алакасын дагы начарлатып, ички саясий таймашты тереңдетти. Кошмо Штаттары азыр эл аралык терроризмди пайда кылган саясий жана идеологиялык кырдаалдар менен күрөшкө басым жасап, Сауд Арабияны ички террор проблемасын чечүүсүн талап кылууда.

Сауд Арабиянын Кошмо Штаттарындагы элчиси жакында Сауд Арабияда жана Кошмо Штаттарында дагы жаңы жардыруулар болот деп эскертип, 12-майда Эр-Риядда болгон террористтик чабуулдар үчүн Иранда жашырынып жүргөнү шектелген ал-каидачыны күнөөлөдү.

Өлкөдөгү абалдын аки-чүкүсүнөн кабары барлар бул билдирүүнү кара май падышалыгында бийлик үчүн таймаштын күч алгандыгынын белгиси катары баалашты.

Сауд Арабиянын падышасы 80 жаштагы Фахд карылыгы жетип, бир буту жерде, бир буту көрдө турат. Бирок анын көзү барда бийлик мураскору саналган ханзаада Абдулланын колу-буту тушоолуу бойдон кала бермекчи. Өлкөдөгү эң таасирлүү эки министрликти - Коргонуу жана ички иштер министрликтерин Абдулланын күнүлөш бир туугандары жетектейт. Падышанын дагы бир уулу өз таасирин күч алдыруу үчүн ваххаби экстремисттерине жакындап, көшөкөрдөнүп жүрөт.

Анын аралыгында, Сауд Арабияга сырттан кысым күч алды. 12-майда Эр-Рияда жанкечтилер айдаган машина чет элдиктер жашаган комплекске урунуп жарылды. Кол салууда 34 киши каза тапса, алардын 10у америкалык жарандар. Сауд Арабиянын бийлиги да, Кошмо Штаттар да террористтик "ал-Каида" уюмун күнөөлөштү. АКШнын Мамкатчысы Колин Пауэл мисалы жардыруунун эртеси буларды билдирди:

- (Чабуул) "ал-Каиданын" колунан келгендигин айгинелеген белгилер бар. Алар жана башка террордук уюмдар кылмыштуу максаттарын ишке ашыруу үчүн бейкүнөө адамдардын канын төккөндөн кайра тартпай калышты.

"Ал-Каида" демекчи, АКШда 11-сентябрдагы жардыруулардын артында турат деп саналган бул уюмдун анабашы Осама бин Ладен - теги саударабиялык. 11-сентябрдагы окуяларда 19 жанкечтинин 15и Сауд Арабиянын жараны болгон. Кийин Эр-Рияд бийликтери бин Ладен менен жең ичинен сүйлөшүп алып, "ал-Каиданын" террордук иштерин каржылап турганы ачыкка чыкты. Булардын баары АКШнын бул өлкө менен жарым кылымдык майдай-сүттөй мамилесине катуу сокку урду. АКШ Ирак согушунан кийин Перси булуңундагы турумун бекемдеп алган соң, анын Сауд Арабиядан болгон көз карандылыгы азайды. Азыр эми Вашингтон бул өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетээрин айтып, Эр-Риядды "ал-Каиданы" түп-тамырынан жок кылууга кысмакка алууда.

Бирок байкоочулар "ал-Каидага" каржылык жардам көрсөткөндөрдү жана башка бийлик чөйрөсүндөгү колдоочуларды ашыкча үркүтүп алуудан Сауди падышалыгы сактанып жаткандыгын айтышууда. Америкалык Стратфор изилдөө борборунун жазышынча, Вашингтон 12-майдагы жардырууну иликтөөгө жиберген ФБРдин чалгын тобунун ишине Эр-Рияддын бут тосоору айгине болууда. Мындан тышкары, АКШ Сауд Арабиядагы бардык элчиликтерин жана консулаттарын убактылуу жаап жатканын жарыялады.
Иранды айыптаган билдирүүнүн автору элчи Бандарды ханзаада Абдулла жакында Вашингтондон шашылыш чакырып алганда ал бир нече телеканалдарда чыгып сүйлөөрдүн жуп алдында АКШдан жөнөп кетүүгө мажбур болгон. Бандар Ирандын короосуна таш ыргытуу менен, бул өлкө менен жакындашууга далалаты бар ханзаада Абдулланын жолун тороп, ошол эле убакта Иранды "балакеттүү үчилтиктин бири" деп санаган Кошмо Шттаттарына өзүн союздаш көрсөтүүгө аракеттенген шекилдүү.

Эр-Рияддагы жардырууну жергиликтүү гезиттер "Сауд Арабиянын 11-сентябры" деп атап, ички терроризм менен күрөш жаңы гана башталып жаткандыгын каңкуулашты. Бирок Сратфордун аналитиктери белгилегендей, бир жагынан сырттан кысмактоо күч алып, бир жактан ички кризис тереңдеген сайын, эки доочусу бир келген Сауди падышачылыгында азиреттүү бийлик ээлеринин айласы чындап кете баштаган сыяктанат.

XS
SM
MD
LG