Израил өкмөтү 22-май күнү - анын коопсуздук кызматы Палестинага келаткан кемени кармап, анда жардыруучу заттар менен террорчуларды машыктыруучу аспаптар табылганын билдирди. Кеменин сегиз кызматкери камакка алынды, алардын арасында "Хамас" уюмунун бир мүчөсү бар деп айтылууда. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, бул контрабанданын артында төрага Яссир Арафат турат деп билдирди. Арафаттын жардамчысынын айтымында, мындай күнөө коюу менен Израил жөн гана тычтык орнотуу жараянына доо кетирүүдө.