«Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин маалыматына караганда, адегенде «гезит басылбайт» деген кабар 22-майдын түнүндө пайда болгон. Редакция менен келишими бар «Учкун» басмасы гезитти баспай койсо жоопкер болуп калаарын аңдап, түнкү саат бирден баштап басып берген. Бирок, гезит сатыкка түшкөн жок. Александр Кимдин 23-майдагы басма сѳз жыйынында берген маалыматына караганда, буга Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу Б. Саламатовдун 22-майда чыгарган токтому негиз берген. Ал токтомдо сот аткаруучу «Адвокат» гезитине байланыштуу былтыр октябрь айында чыгарган өкүмүнө таянып, «гезит доогер Алексей Елисеевге 5 миң сомдук айыппулду өз ниети менен төлөп бербегенден кийин редакцияга жана карызкордун башкаларга таандык мүлкү мажбурланып алынсын» деп жазылган.
Андан тышкары, «Моя столица» гезитинин редакциясына өзүнө таандык акча каражаттарын, баалуу кагаздарын жана башка мүлкүн пайдаланууга тыюу салынган. Александр Кимдин айтымында, гезиттин эч кандай мүлкү жок экени жыл башынан бери белгилүү. Ушундан улам ал «редакцияга 23-майда гана белгилүү болгон бул токтомдун шашылыш түрдө пайда болушуна журналист Людмила Жолмухамедованын гезиттин ушул санына басылып жаткан «Коркуунун жука челкабыгынын астында - түпсүздүкпү?» деген макаласы түрткү болду» деген пикирде. Себеби, анда автор президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин ишкерлиги тууралуу Орусиянын «Новая газетасы» жазган материалды талдаган макала жазган. Ал тууралуу Александр Ким мындай дейт:
- Проблема «Новая газетанын» ошол макаласын талдаган Людмила Жолмухамедованын макаласынан чыкты көрүнөт. Биздин оюбузча, тескери реакцияны ушул номердеги башка макалалар дагы пайда кылды. Анткени, бийликке жакпай турган бир катар материалдар бар болчу. Андан тышкары биз «Моя столица» гезитине катар-катар айыппулдар салынгандан бери эле бийлик эртеби-кечпи гезитти жабат деп күтүп жүргөнбүз.
Александр Ким, мунун бардыгына президенттин үй-бүлөсү жана алардын өлкө экономикасына тескери таасир эткен ишмердиги тууралуу жазылган макалалар башкы себеп болгонун жарыя кылды.
- Бул, президенттин үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн эсепке албаганда да, анын күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин ишмердигине байланышкан фактылардын натыйжасы. Булар өз ишмердиги менен Кыргызстандын экономикасына орду толгус зыян келтиришти. Биз жакшы жашай албайбыз, анткени, президенттин үй-бүлөсү аны каалабайт, - дейт «Моя столица» гезитинин башкы редактору. Александр Ким, мындан тышкары, редакция он күн ичинде «сот аткаруучунун токтому негизсиз» деген доо менен сотко кайрылаарын да кабарлады.
Эки жарым жыл ичинде өз окурмандарын тапкан гезиттин чыкпай калышы коомдо бул күнү башкы жаңылык катары кабылданды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун айтымында, бул - бийликтин көз карандысыз басылманы басмырлаш үчүн жасаган дагы бир мыйзамсыз аракети:
- Бул «Моя столицанын» биринчи жолу көрүп жаткан кордугу эмес. Кыргызстанда бул модага айланып калган көрүнүш. Эгерде кандайдыр маалымат чыгып баратса аны тезинен бууп, элге жеткирбестен жок кылыш керек да!
Ал эми Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктовдун баамында, мында эч кандай мыйзам бузуу жок.
- Мен бул жерден эч кандай мыйзам бузууну көргөн жерим жок, - дейт Борис Полуэктов. - Менин билишимче, редакцияга каршы бир катар арыздар болуп, сот «алардын дооматтары канааттандырылсын» деген чечим чыгарган. Алар «мүлкүбүз жок» деп айыппул төлөбөй жаткандыктан, сот департаменти «редакциянын мүлкү алынсын» деген токтом чыгарган. Эгер мүлкү жок болсо алар гезитти кантип чыгарып, кабарчыларга кантип айлык берип жатышат? Демек, алар сот департаментин алдап жатышат. Мүлкү жок болсо алар иштей алышмак эмес.
«Моя столица» гезити ушуну менен үчүнчү жолу ишин аргасыз токтотууга мажбур болду. Эки жарым жыл ичинде басылма 8 ай иштеген эмес. Андан тышкары гезитке каршы арыз берген ар кандай доогерлер 90 миллион сомдук айыппул төлөөнү талап кылышкан. Сот алардын айрымдарына «редакция 3,5 миллион сом төлөсүн» деген чечимдерди чыгарып берген.