Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

«Арнамыс» партиясынын штаб башчысы «Моя столицанын» нускаларын тартып алууну мыйзамсыз иш деп баалады


БИШКЕК. «23-майда чыккан «Моя столица» гезитинин жаңы санынын камакка алынышы мыйзамсыз. Анын максаты - гезитте президенттин үй-бүлөсүнө, коррупцияга байланыштуу жарык көргөн макалаларды элге жеткирбөө болгон», - деп билдирди бүгүн «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев. Ал эми «гезиттин нускасы соттун чечими менен доогердин пайдасына айып пул төлөөнү камсыз кылыш үчүн алынды» деген соттун жообун Эмил Алиев «логикага сыйбайт» деп баалады. «Анткени 15 миң нусканы камакка алуу менен доогердин пайдасына каражат түшпөйт, убагында сатылбаган гезит баалуулугун жоготот», - дейт «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы. Көз карандысыз «Моя столица» гезитине Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечими менен 500 миң сомдук айып салынган. Сот чечимдери «Мерлисайд» фирмасынын арызынын негизинде апрель айында чыгарылган.

XS
SM
MD
LG