ПАРИЖ. Бийликтер камакка алынгандардын кайсы террордук топтон экенин жана алардын аты-жөнүн маалымдашпайт. Бирок ооган кол башчысы Ахмад Шах Масудду өлтүргөн деп шектелгендер дүйшөмбү күнү эле колго түшүрүлгөнү айтылат. Масуддун өлүмүн иликтөө бир нече өлкөдө, анын катарында, Белгияда жүргүзүлүп жатат. Бельгия Масудду өлтүрүүгө катышы бар деген айып менен 23 кишини сот жообуна тартууда.