“Моя столица” гезитинин өткөн аптанын аягындагы саны соттук аткаруучулар тарабынан токтотулуп, басылманын электрондук версиясы интернет талаасына чыгарылган. Гезиттин башкы редактору Александр Кимдин айтымында, кандай болгон күндө да гезит чыгышы керек, бирок ал кандай аталышта чыгары азырынча чечиле элек. “Моя столица” гезитине деп грантка келген акчалар банктан кармалып, басылманын баштагы аталышта чыгуусу мүмкүн болбой калды.
“«Моя столица» гезитинин мүлкү болсо, сот чечимине ылайык аны тизмелеп чыгыш керек,- дейт Александр Ким. – Бирок мүлк кимдики, кимге караштуу экенин аныктап алыш керек го. Мурун да бул жердеги мүлктү тизмелеп чыгышкан. Бирок булардын баары «Моя столица» жоопкерчилиги чектелген коомдун менчиги эмес. Мүлктүн көбү грантка келинген. Январь айында мүлктү тизмелешке келгенде «Моя столица» гезитине тийиштүүсүн гана санап алуу чечимине келишкен. Азыр болсо бул жердеги буюм-тайымдын баарын тизмелеп чыгабыз деп атышат”.
«Моя столица» гезити жайгашкан жай ушул жылдын апрель айынан тарта «Адвокат» гезитине ижарага берилген. «Бул жерде турушкан эларалык өкүлдөрдүн көзүнчө ачык айтып коеюн, биз сиздерди «Адвокат» гезитине тиешелүү жерге киргизбейбиз! Өзүңөр чакырып келген милициянын жардамы менен да кире албайсыңар!», деп билдирди Александр Ким.
Бишкектин Ленин райондук сотунун сот чечимин аткаруучусу Наталья Соколова: «Биз “Моя столица” гезитине тийиштүү мүлктү каттоого келдик. Сиз бир да документ көрсөткөн жоксуз»,- деген жүйөөсүн айтты. Сот аткаруучу Марат Кужебеков «Моя столица» гезитинин эсебиндеги 24 миң сом «Бакай» банкынан, 7 миң доллар жана 116 миң сом Инэксим банкынан кармалганын ырастап, ал акча «Мерлисайддын» эсебинде эмес, Ленин райондук сотунун депозитинде сакталып турганын айтты. «Январда келгенибизде сиз АКШ элчилигинен 15 миң доллар грант алганыңыз тууралуу документти көрсөткөнсүз, ал акчага компьютерлер, башка буюмдар сатылып алганын айткансыз. Биз азыр ошолорду тизмелеп чыгабыз. АКШ элчилигине суроо жөнөтүп атабыз. Эгер ал жактан бул мүлктүн баары АКШ элчилигине тиешелүү экенин ырастаган кат келсе биз мүлккө тийбейбиз. Эгер ал жактан бул мүлк «Моя столица» гезитине толук берилген деген жооп келсе, анда тизмеленген мүлктү алабыз», - деп айтты сот аткаруучу.
Болгон мүлкүнөн ажырап, чыкпай калган «Моя столица» гезитинин буюм-тайымын каттоого келишкен сот аткаруучулар АКШ элчилиги менен басылма ортосунда түзүлгөн грант келишимди көрүп, ээси башка мүлктү бул ирет тизмелешкен жок.