"Жол картасын" Израиль апта соңундагы тыкыр дипломатиялык соодалашуудан кийин, ошондо да шарттуу түрдө кабыл алды. Эми ушул шейшембиде Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шарон палестиналык премьер-министр Махмуд Абас менен жолугушат. Израиль өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, учурда ошондой эле экөөнүн АКШнын президенти Жорж Буш менен жолугушуусу боюнча иш-чаралар башталды. Буга чейинки үч тараптуу самиттен Израиль "европалык арачылар катышат" деп баш тарткан эле. Израиль европа өлкөлөрү палестиналыктарга жан тартат деп ырастап келет.
2001-жылдын башында калаба кайра от алганга чейинки бир топ ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Израилдин мурдагы өкмөт башчысы Эхуд Барак келерки бир нече айдын ичинде "жол картасын" ишке ашырууга жол ача турган эл аралык ири жыйын өткөрүлөт деп боолголоду. Бирок Израил планды жарым-жартылай кабыл алып, палестиналыктар четке кагып келген талаптар боюнча кошумча шарттарды койгондуктан, байкоочулар Израилдин өкмөтү эл аралык кысымды азайтуунун гана амалын издеп жатат деп шек санашууда.
АКШ, Европа Союзу, Бириккен Улуттар уюму жана Орусия төртилтиги иштеп чыккан "жол картасында" үч жыл ичинде жаңжалды токтотуп, Палестина мамлекетин түзүү каралган. Тынчтык планы былтыр эле иштелип чыккан, бирок 28-январдагы шайлоодон кийин Ариэл Шаронго жаңы өкмөт түзүп, ал эми палестиналыктар Махмуд Абасты өкмөт башчылыгына бекиткенге чейин жарыяланган эмес. Абас 30-апрелде бийликке келгендин эртеси план каршы тараптардын кароосуна сунушталды.
Жекшембидеги добуш берүүдө Израилдин өкмөтүндө планды 12 министр колдоп, жетөө ага каршы чыкты, төртөө добуш берүүдөн баш тартышты. Тышкы иштер министри Силван Шаломдун айтымында, планды жактыруу "Кызыл деңизди кесип өткөндөй эле кыйын иш" болду. Планга каршы добуш берген жети министрдин үчөө - Шарондун Ликуд партиясынын мүчөлөрү болду.
Өкмөттүк билдирүүдө Израил- планды эмес, анда каралган иш-чараларды кабыл алууга макул экендиги айтылат. Атын атабоону өтүнгөн Израилдин мартабалуу өкүлүнүп сөзүнө ылайык, мындай билдирүү менен Израиль алгач палестиналыктардан согушчан топторду тизгиндөөнү талап кыла алат. Палестиналык өкмөттүн мүчөсү Ясер Абед Рабо добуш берүүнүн ортозаар жыйынтыгын "аны ишке ашырууну кечеңдетүүчү саясий оюн" деп мүнөздөдү.
Израилдин өкмөтү ошондой эле палестиналык 4 миллион качкындын Израилдеги үйлөрүнө кайтып келишине каршы экендигин ачык билдирди.
Палестиналык өкүлдөр бул талапты дароо четке кагышты. Алар "жол картасында" айтылбаган эч бир шартты кабыл албай тургандыгын эскертишти. Тынчтык планда качкындар маселесин соңку баскычта чечүү каралган.
Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын келечегинде ошондой эле исламдык радикал топтордун позициясы чоң мааниге ээ. «Хамас» уюму жекшембиде тынчтык планын аларды куралсыздандыруунун гана айла-амалы деп эсептээрин жарыялады.