Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

КЫТАЙ КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮН МОДЕРНИЗАЦИЯЛООГО БАГЫТ АЛДЫ


Кытайдын жетекчиси Ху Цзинтао өлкөнүн аскерий тармагын өнүктүрүп, модернизациялоо керек деп жарыялады. Байкоочулар президент мындай билдирүүнү Европага аттанаардын алдында жасаганы жөн жеринен эмес дешүүдө. Экинчи жагынан, Ху Цзинтао Кытайдын 2,5 миллиондук куралдуу күчтөрүнө болгон көзөмөлдү мурдагы өлкө башчысы Цзян Цземинден өз колуна өткөрүп алууну көздөп жаткандай.

Өткөн жылдын октябрь айында Кытайдын коммунисттик партиясынын курултайы өтүп, анда партиянын жетекчилиги алмашкан: 76 жаштагы Цзян Цземин баштаган бир катар саясатчылар мамлекеттик кызматтарын жаш муунга өткөрүп берген. Коммунисттик партиянын генералдык катчысы, андан кийин өлкөнүн президенти болуп Ху Цзинтао шайланган. Бирок Цземин Борбордук аскерий комиссиянын төрагасынын ордун сактап калып, иш жүзүндө өлкөнүн эң маанилүү постторунан болуп эсептелген башкы командачы бойдон калган. Байкоочулар мындай жагдай көпкө созулбай турганын айтпаса да башынан эле түшүнүктүү болчу дешет.

Президент Ху Цзинтао улуттук коргоонууну өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды пайдалануу зарылдыгы жөнүндө сөз кылып, аскердик башчылыкты өз колуна алганга ниеттүү экени жөнүндө ишара бергенсиди.
Гонконгтогу Кытай университетинин окутуучусу, мурда расмий кызматта иштеген Ву Гуогуангтын пикиринде, Ху Цзинтао ушундай кадамга азыр барып жатканы бекер жеринен эмес. “Балким ал САРС менен күрөшүүдө топтоп алган саясий капиталын пайдаланууну чечти”, - деп улантат эксперт. Ху Цзинтао премьер Вен Цзябао менен бирге өнөгөсүз өпкө оорусуна каршы кампанияда бир аз кеч болсо да чечкиндүүлүгүн көрсөтө алган.
Башка бир адистин ырастоосунда, Ху Цзинтао партиянын генералдык катчысы катары аскерий жана коргонуу маселелеринен четте калгысы келбейт. “Бул, албетте, Цзян Цземинге жакпашы мүмкүн. Бирок ал бийликте түбөлүккө калбай турганы да белгилүү”, - дейт Гонконг университетинин кызматкери Жозеф Ченг.

Дүйшөмбүдө Ху Цзинтао Кытайдын жетекчиси катары өзүнүн биринчи сапарына аттанды. Алгач Цзинтао Шанхай кызматташтык уюмунун Москва саммитине, андан киийн Санкт-Петербургтун 300-жылдык мааракесине катышат. Ал эми июндун башында Франциянын Эвиан курортунда өтчү өнүккөн 8 өлкөнүн бийик жолугшуусуна барат. Европа визити учурунда Ху Цзинтаонун бир катар мамлекеттердин лидерлери менен, анын ичинде Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Жорж Буш менен кездешүүлөрү пландаштырылган. “Ошондуктан Кытай мамлекет башчысы өзүн коргонуу жана аскерий чөйрөнү контролдогон толук кандуу жетекчи катары көрсөткүсү келет”, - деген оюн билдирет аналитик Жозеф Ченг.

Путин менен жолугушуусу маалында Цзинтао Кытайдын келечекте Россиядан курал сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт деп күтүлүүдө. Ал эми америкалык жетекчи менен сүйлөшүүлөрдө Бээжинди өзгөчө камтама кылып жаткан АКШнын баллистикалык ракеталардан коргонуу пландары жөнүндө сөз болмокчу.

Президент Ху Цзинтаонун соңку билдирүүсүнүн алдында эле, тактап айтканда өткөн аптанын орто ченинде АКШнын Эл аралык байланыштар кеңеши жаңы докладын жарыялап, анда Кытайдын аскерий тармагын модернизациялоо процесси Кошмо Штаттарыныкынан кеминде 20 жыл артта калганы айтылган.
Мурдагы коргоо министри Харолд Браун жетекчилик кылган изилдөөдө Кытай алдыңкы жылдары жумушсуздук, саламаттыкты сактоо өңдүү өзүнүн ички проблемалары менен көбүрөөк алектенүүгө мажбур болот делинет. Буга чейин америкалык айрым саясатчылар жана аналитиктер Кытайдын аскердик сарптоолору соңку 13 жылдын ичинде кескин өскөнүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келишкен эле.

Ошол эле мезгилде АКШлык аскерий адистер Кытайда коргонуу тармагына керектелчү каржаттын көлөмү Бээжин берген расмий көрсөткүчтөрдөн эки же үч эсеге көптүк кылат деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG