Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

ТАЛАСТАГЫ ЗИЛЗАЛА


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 23-майдын түнүндө болгон жер титирөөдөн Талас районундагы айрым айыл өкмөттөрүнүн эли да жабыр тарткан.

Жер титирөөнүн борбору Казакстандын Луговой шаары болгондуктан, ал шаардын Түштүк тарабына туташ Талас районундагы Кооганды жана Арал айыл өкмөттөрүнүн аймагында жер силкинүү бир топ материалдык зыян алып келген. Арал айылынын тургуну Ташматов Тургунбек турак үйүн тирөөчтөр менен араң сактап жашап жатат.

«Жер катуу силкинип бала-бакырам менен эшикте таң атырдык,- дейт Тургунбек Ташматов.- Там болсо жараксыз акыбалга келди. Айыл өкмөтү баш болуп келип көрүп, «6 балаңыз бар экен, бул үйгө жашоого болбойт, кошуна-колоңдордукуна барып жашап тур» деп айтып кеткенден, азыр кошуна-колоңдордукунда жүрүп атабыз».

Ушул эле айылдан Шералиева Ырысгүлдүн үйү да жараксыз абалга келген.

«Төрт комнат тамым бар эле, экөө жараксыз болуп калды. Райондон кишилер келип болгон нерселерин болгондой жараксыз деп таап жазып кетти. Өзүмдүм беш балам бар, өзүм пенсия албайм, күйөөм 1974 жылы каза болгон»,- дейт ал.

Луговой тарапка ашып өтчү Чөңөр ашуусунун алкымындагы Кооганды айыл өкмөтү башкалардан көбүрөөк жабыр тарткан. Айыл өкмөт башчысы абалды мындайча түшүндүрдү:

«Текшерип көргөнүбүздө 8 үй киши жашоого мүмкүн эмес экендиги аныкталды. 31 үйдөн майда жарака кеткен. Азыр 8 үйдү кичи үйлөргө, туугандарынын үйүнө көчүрүү иштерин жүргүзүп атабыз».

Жер титирөө болгондун таңыда эле райондо өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссия түзүлүп, абалды жеринде иликтей баштаган. Жүргүзүп жаткан иш туурасында комиссиянын төрагасы, райондук администрация башчысынын орунбасары Байрак Сейдибалиев буларды айтты:

«Жер титирөө болгондон кийин, түнкү саат экилерден кийин райондо атайын топ түзүлүп, райондун айылдарын кыдырып чыктык. 2- күнү райондук, облустук штабга 17 арыз келип түштү. Кооганды айыл өкмөтүнөн 11, Арал айыл өкмөтүнөн 6 арыз. Ошол жерлерди аныктап, кандай зыян келтиргенин билиш үчүн райондук атайын жумушчу адистердин курамында турган топ түзүлүп, ошолорду жеринде аныктап кетишти. Аныктап чыккандан кийин ошолордун жыйынтыгы менен облустук штабга, өкмөткө тиешелүү маселе коёбуз».

1992-жылдын 19-августундагы Суусамыр жер титирөөсүнөн Талас аймагы биртоп зыян тартып, калыбына келтирүү иштери аягына чыгарылбай калган. 23-майда болуп өткөн жер титирөө мындан 11 жыл мурдагы жер титирөөнүн залалдарынын үстүнө кошулуп, дагы бир топ зыян алып келди. Жардам сурап кайрылгандардын саны токтобой жатат.

XS
SM
MD
LG