Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Эмгек миграциясында жүргөн кыргыз жарандарынын так саны аныктала элек


БИШКЕК. Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин эмгек миграциясы боюнча бөлүмүнүн башчысы Каниза Иязалиевадан бүгүн алынган маалыматка караганда, кыргызстандык жарандардын Казакстанга барып иштөөсүн уюштуруу боюнча үч фирмага расмий уруксат берилген. Алардын миграция департаментине берген маалыматына караганда, быйыл Казакстанга 1600 кыргыз жараны расмий түрдө иштөөгө кетти. Бирок, көп жарандар өз тааныштары аркылуу же жашыруун түрдө кеткендиктен, алардын так саны азырынча белгисиз. Ал Казакстандын миграция полициясынын иликтөөсүнөн кийин гана такталат. Ал эми эмгек миграциясы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган келишим Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтө элек. Андан тышкары, Түштүк Кореяга барып иштөөнү каалаган кыргыз жарандарынын ишин жөнгө салуу боюнча төрт фирма расмий уруксат алган. Бирок, Каниза Иязалиеванын айтымында, алардын канчасы Кореядагы тендерден өткөнү белгисиз. Ал эми Казакстандагы фирмалардын көмөгү менен Кореяга кетип жаткан кыргыз жарандарынын саны тактала элек.

XS
SM
MD
LG